“КУУНУН РЕКТОРУНУН КУБОГУ” ҮЧҮН МЕЛДЕШ ӨТҮП ЖАТАТ

  • 18.10.2018
  • 0

Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорунун кубогу үчүн кичи  футбол боюнча факультеттер арасындагы мелдеш 17-октябрда старт алды.

Мелдешти окуу жайдын  ректору Канат Садыков өзү ачып, футбол менен машыгуу ден соолукту чыңдоого гана жардам бербестен, студенттердин ынтымагын бекемдөөгө, жакшы окууга да ѳбѳлгѳ түзѳ тургандыгын айтып, турнирдин катышуучуларына ыраазычылык билдирип, аларга таза оюн көрсөтүүнү жана спорттук ийгиликтерди, ал эми калыстар тобуна адилет болууну каалап, сөзүнүн соңунда футбол тобун алгачкы жолу дарбазага тээп берди. Бул турнир окуу жайда жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келет
Бөлүшүү

Комментарийлер