КУУНУН КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖИНДЕ «УКУК ТААНУУ» КАБИНЕТИ ЖАНА «СОТ ОТУРУМДАРЫ» ЗАЛЫ АЧЫЛДЫ
- 22.01.2020
- 0
21-январда өткөн ачылыш аземге окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров, административдик жана чарба иштери боюнча проректор Туратбек Суранаев, академиялык саясат башкармалыгынын окуу процессин координациялоо бөлүмүнүн башчысы Лариса Курманалиева катышты.
Сөз болуп жаткан кабинеттердин ачылыш максаты тууралуу кесиптик колледждин директору Аскар Акматов айтып берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө КУУнун жетекчилери «Сот отурумдары» залында өтүлүп жаткан ачык сабакка күбө болуп, окуу имаратындагы башка кабинеттер менен да таанышып чыгышты.
Бөлүшүү
Комментарийлер