Кожомкул айылындагы мектепте чыгармачылыкка бай иш-чара болду
- 08.10.2025
- 0
2025-жылдын октябрь айынын башында Кожомкул айылынын жалпы билим берүү орто мектебинде башталгыч класстар арасында чыгармачылыкка багытталган кызыктуу иш-чара өткөрүлдү.

4-класстын окуучулары «Биз келечек шаарын курабыз» аттуу темада макет жасап, өздөрүнүн кыялындагы шаар кандай болушу керектигин көрсөтүштү. Ар түрдүү материалдарды колдонуу менен окуучулар экологиялык таза, заманбап жана кооз шаар моделдерин жасап чыгышты. Бул иш-чара балдардын фантазиясын, кол өнөрчүлүк жөндөмдөрүн жана командалык иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.
Ал эми 3-класстардын арасында «Күзгү фантазиялар» деген темада жасалгалар даярдалды. Бул иш-чарада окуучулар мөмө-жемиштерди, жашылчаларды колдонуп ар түрдүү фигураларды, жаныбарлардын, жомоктогу каармандардын образдарын жаратты. Ар бир эмгекте күздүн берекеси, балдардын чыгармачылыгы жана эмгекке болгон кызыгуусу байкалды.

Мектеп жамааты мындай иш-чаралар окуучулардын чыгармачылыгын арттырууга, табигый материалдар менен иштөөгө жана эстетикалык көрөңгөсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
(БК)

















Комментарийлер