КОШУМЧА БИЛИМ КОЛДООГО МУКТАЖ
- 17.03.2023
- 0
Республикадагы бир дагы окуу жайда кошумча билим берүү мекемелеринин педагогдору даярдалбайт. Бул тармакта иштеген адистердин 60 пайызын музыкант, сүрөтчү, бийчи, инженер ж.б. адистер түзөт.
Балдар арасында кайсы ийрим популярдуу?
Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстанда балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү багытында иш алып барган 75 кошумча билим берүү уюмунда 1731 ийрим жана студия бар. Элет жеринде иштеп жаткан 35 кошумча билим берүү мекемесинде 22 925 бала (31,8%) камтылса, шаар жергесиндеги 40 кошумча билим берүү мекемесинде 49167 бала (68,2%) кошумча билим алат.
Статистиканы карасак, балдардын басымдуу көпчүлүгү көркөм-эстетикалык багыттагы ийримдерге жана студияларга барат, бул кошумча билим берүүчү мекемелерге барган үч жаштан 18 жашка чейинки балдардын 58,71 пайызын түзөт. Андан кийинки орунда билим берүү багытындагы ийримдер (11 пайыз) турат, андан кийин техникалык чыгармачылык боюнча (10,9 пайыз) иш алып барган ийримдер, үчүнчү орунда экологиялык ийримдер жана спорт секциялары турат.
Табигый тарбиячынын бири — табият
Министрликтин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын адиси Салтанат Омурканова аң-сезими жаңы калыптанып келаткан этапта көркөм-эстетикалык табитин өнүктүрүү, дене тарбия жана спорт менен машыктыруу же болбосо ошол эле экологиялык көйгөйлөргө көңүл буруусунда табият менен достоштуруу эң негизги орунда турарын белгиледи.
— Класстан тышкаркы билим берүүнүн негизги максаты – таанып-билүүгө жана чыгармачылыкка индивидуалдык мотивацияларды өнүктүрүү, инсандын кызыкчылыгында кошумча программаларды ишке ашыруу, эстетиканын ар кандай чөйрөлөрүндө окуучулардын когнитивдик кызыгуусун калыптандыруу үчүн экологиялык, инженердик жана техникалык активдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү болуп саналат.
Балдардын көркөм-эстетикалык табитин өстүрүүдө сөзсүз түрдө айлана-чөйрөгө, жаратылышка, жаныбарларга мамилесин калыптандырууну да эстен чыгарбоо кажет. Ал үчүн экологиялык-туристтик-чөлкөм таануу ийримдеринин алкагында жаратылыш койнуна экскурсияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, ушул темага багытталган викторина жана конкурстарды байма-бай өткөрүп туруу максатка ылайыктуу. Алсак, республикабыздагы мектептердин окуучулары 3344 экскурсияга жана 1311 жүрүшкө чыккан жана алты миңден ашык окуучу түрдүү темадагы конкурс жана викторинага катышкан. Андан тышкары, 47 мектепте жана беш мектептен тышкаркы уюмдарда 29 окуу-тажрыйба участоктору, 11 мектепте чакан токой чарбасы түзүлүп, 76 окуу-тарбиялоочу экологиялык чыйырлар салынды. Мына ушулардын баары балдарды табият менен достошууга салым кошоруна ишенебиз, — дейт С.Омурканова.
Республиканын мектептеринде окуучулардын изденүү, изилдөө жана жыйноо иштеринин натыйжасында 185 музей ачылган. Анын ичинен 119 музей аттестациядан өтүп, 16 мектепте “Мектеп музейинин отличниги” деген наамга ээ болгон музей бар.
Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүчү уюмдар жалпы билим берүү уюмдары менен биргеликте лидерлик сапаттарды жана волонтердук көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча олуттуу иштерди жүргүзүп келет. Алсак, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында мектептердин жана кошумча билим берүү мекемелеринин базасында 28 клуб жана окуучулардын өз алдынча башкаруусунун “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” балдар коомдук уюмдары иштейт. Кызыл-Кыя, Ош, Нарын, Талас, Бишкек шаарларында 101 036 баланы камтыган “Лидерлер мектеби”, “Биримдик”, “Тунгуч” жана башка лидерлик клубдары, волонтердук кыймыл иштейт.
Мектептен тышкаркы уюмдар балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга активдүү катышып келүүдө. Жыл сайын балдардын жайкы эс алуусунун алкагында Ысык-Көлдүн жээгинде республикалык борборлор өткөргөн фестивалдарга жана сынактарга, тренингдерге жалпысынан 2500дөн ашык бала катышат.
Жайкы лагерлер жана инклюзивдик билим берүү
Былтыркы окуу жылында 32 кошумча билим берүү уюмунун базасында 1340 баланы камтыган акысыз жайкы лагерлер иштеген. Анын алкагында көркөм, эстетикалык, интеллектуалдык, экологиялык мазмундагы массалык иш-чараларды убактылуу камтыган ийримдер уюштурулган.
Ал эми 31 кошумча билим берүүчү мекемеде мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдик билим берүү боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен “Балажан” балдар чыгармачылыгы борбору активдүү иш алып барарын баса белгилеп кетсек болот. Мында 25 жылдан бери 108 баланы камтыган Өзгөчө балдар мектеби иштейт. Балдарды реабилитациялоо жана чыгармачылык жактан өнүктүрүү багытында “Балажан” жүргүзгөн “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды искусствонун жардамы менен социалдаштыруу” программасынан тышкары “Сейтек” балдардын улуттук борборунун У-шу секциясында жана мектепке чейинки даярдоо ийриминде 29 бала алектенет. Бул категориядагы балдар арасында жыл сайын музыкалык-сахналык багыт, көркөм сүрөт, прикладдык искусство боюнча сынактар өткөрүлөт. Ушул жылдан тарта “Балажан” веб-дизайн боюнча сынак өткөрүүнү пландап жатканы колдоого аларлык көрүнүш.
Кадр тартыштыгын кантип жоебуз?
Кошумча билим берүүдө башкы роль мугалимге жүктөлөт. Учурда бул тармакта 1645 адис эмгектенет. Ал адистердин 60 пайыздан ашыгы чыгармачылыктын ар кандай чөйрөлөрүндөгү – сүрөтчүлөр, музыканттар, бийчилер, инженерлер, туризм жана экология боюнча адистер жана башкалар. Андыктан кадрларды кайра даярдап, алардын педагогикалык билимге окутуу зарыл. Салтанат Темирбековнанын айтымында, атайын адистердин жоктугу биздеги бир дагы окуу жайдын кошумча билим берүүчү адистерди даярдап чыкпагандыгына байланыштуу болууда.
— Республикабыздагы жогорку окуу жайларында жана атайын орто окуу жайларында педагогикалык кадрлар даярдалбайт. Ошондуктан жогорку кесипкөй кадрлар ар дайым жетишсиз. Дагы бир чоң көйгөй – бул балдарга кошумча билим берүү жагынан мыйзамдык базадагы карама-каршылыктар, калктын бардык катмары үчүн сапаттуу кошумча билим берүүнү камсыз кылуучу социалдык стандарттардын жана кепилдиктердин жоктугу жана балдарга кошумча билим берүүнүн сапатына мамлекеттик жана коомдук көзөмөл механизмдеринин өнүкпөгөндүгү. Эң негизгиси, билим берүүнүн сапатын баалоо механизмдери иштелип чыккан эмес, — дейт.
Ресурстук жана каржылык камсыздоонун жетишсиздиги да бир катар маселелерди жаратпай койбойт. 60 пайызынын өздөрүнүн имараты жоктугунан, башка мекемелер менен ылайыкташкан, тар имараттарда жайгашкан. 14 пайызында имарат такыр эле жок. Акыркы 28 жыл ичинде бир дагы класстык жабдуулар бөлүнүп берилген эмес, — дейт С.Омурканова.
“Жан дүйнөмдүн кесиби” сынагы жарыяланат
Мына ушундай кыйын кырдаалда, көңүлдөн сырт калган бул тармакка коомчулуктун көңүлүн буруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин педагогдорунун “Жан дүйнөмдүн кесиби” республикалык конкурсун жарыялап жатканы колдоого алына турган кубанарлык кадам. Конкурсту уюштуруучулардын айтымында, сынак үч этап менен өткөрүлмөкчү.
Аталган конкурс мектептен тышкаркы кошумча билим берүү кызматкерлеринин алдыңкы педагогикалык идеяларын, заманбап билим берүү технологияларын жана ыкмаларын колдонуу боюнча натыйжалуу тажрыйбаларды көрсөтүүнүн жана жайылтуунун бир жолу болуп эсептелет.
Министрликтин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын адиси Салтанат Омурканова сынактын максаты тууралуу мына буларга токтолду.
— Конкурс мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү, чыгармачылык, карьералык өсүү жана педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү максатын көздөйт. Ал “Техникалык багыттагы кошумча билим берүү мугалими”; “Көркөм-эстетикалык багыт боюнча кошумча билим берүү мугалими”; “Туризм жана край таануу боюнча кошумча билим берүү мугалими”; “Дене тарбия жана спорт боюнча кошумча билим берүү мугалими” жана “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеген кошумча билим берүү мугалими” деген беш номинация боюнча өткөрүлөт.
Алгач райондук, облустук жана республикалык деңгээлде үч этапта өткөрүлүүчү конкурс март айында райондордо старт алып, апрелде облустук деңгээлде уланмакчы. Анын жыйынтыктоочу үчүнчү этабын үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өткөрүүнү пландап жатабыз, — деди Салтанат Темирбековна.
Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мугалимдери үчүн жарыяланып жаткан сынактын биринчи жана экинчи этабында сынактын катышуучусу конкурска катышуу үчүн арыз бериши керек. Кайсы номинация боюнча катышса, аны белгилеп, кесиптик портфель даярдайт. Портфелдин ичинде сынактын катышуучусунун анкетасы (анкетанын электрондук формасы); катышуучунун «Визитка» видеоматериалы тиркелет. Беш мүнөттүк видеоматериалда катышуучунун педагогикалык кредосу, ал өз ишин кандай көрөт, өзүнүн чыгармачылык идеяларын ишке ашыруу, кесиптик өсүү, мугалимдин кесиптик ишмердүүлүгү, класстан тышкаркы кошумча билим берүүнү өнүктүрүүгө кандай жаңылыктарды алып келери ж.б. так көрсөтүлүшү керек.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
«Кут Билим»
Комментарийлер