КМШ МУГАЛИМДЕРИНИН V СЪЕЗДИ: ТЕМАТИКАЛЫК СЕКЦИЯЛАР

  • 12.10.2018
  • 0

Бишкекте КМШнын катышуучу-мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съезди өттү. “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын контекстиндеги КМШнын катышуучу-мамлекеттердин билим берүү системаларын өнүктүрүү” пленардык отурумуна КР Президенти Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү. Андан соң КМШ катышуучу-мамлекеттердин билим берүү министрлери, орун басарлары, делегациянын жетекчилери өз билим берүү системаларындагы реформалар жөнүндө маалымат менен бөлүштү. Андан кийин мугалимдердин  жана билим берүү кызматкерлеринин мыктылары “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланышты. Алардын катарында КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева дагы бар. Секциялык ишке чейин съезддин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагындагы жетишкендиктеринин көргөзмөсү өттү.

КМШ МУГАЛИМДЕРИНИН V СЪЕЗДИ: ТЕМАТИКАЛЫК СЕКЦИЯЛАР

Съезддин ачылышынан соң секциялык отурумдардын катышуучуларын шаардын мектептери жана университеттери кабыл алды.

Съезд КМШнын катышуучу-мамлекеттердин билим берүү чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстердин өнүгүүсүнө шарт түзүүгө, өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин жана анын жаңы түрлөрүн активдүү издөөгө  өбөлгө болору айтылды.

Съезддин алкагында төмөнкү маселелер боюнча тогуз секциянын иши уюштурулган: компетенттүүлүк билим берүүнүн методологиясын түзүү, билим берүү стандарттарын киргизүүнүн теориясы жана практикасы, коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу, мектептен тышкаркы билим берүү, эрте жаштан өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү, кесиптик билим берүүнүн бардык баскычтарын өнүктүрүү, Улуттук квалификациялык системаларын киргизүү.

Кошумча билим берүү

КМШ катышуучу мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин Эл аралык съезддерин өткөрүү тарыхында Кыргызстанда биринчи жолу балдарга жана жаштарга кошумча билим берүү маселелери боюнча секция иштеп, съезддин делегаттары тажрыйбалары менен алмашышты. Бул секциянын ишинин маанилүүлүгү жана зарылдыгы инсандын, үй-бүлөнүн, коомдун, мамлекеттин керектөөсүнө ылайыкталган билим берүү жыйынтыктарына жетишүүгө багытталган тенденциясы менен шартталат.

КМШ МУГАЛИМДЕРИНИН V СЪЕЗДИ: ТЕМАТИКАЛЫК СЕКЦИЯЛАР

“Алтын түйүндүн”  базасында өткөн секцияга Беларустун, Тажикстандын, Орусиянын, Кыргызстандын кошумча билим берүү системасынын педагогдору жана мугалимдери катышты. Секциянын катышуучулары азыркы мезгилде жыйналган тажрыйбаны кайрадан ойлонуп чыгуу жана кошумча билим берүү мейкиндигинин интеграциялоо даражасында орчундуу айырмачылыктар менен шартталган билим берүүдөгү өз ара иштешүүгө ылайык мамилелерди калыптандыруу талап кылынарын белгилеп кетишти. Балдарга жана жаштарга кошумча билим берүүнүн ролу – шарттарды, механизмдерди жана технологияларды кеңейтүү үчүн билим берүү мейкиндигин түзүүдө, билим берүү каражаты менен аны билим берүү мейкиндигине интеграциялоодо экени күнөмсүз; КМШ өлкөлөрүнүн маданий тажрыйбасын жана жетишкендиктерин өздөштүрүүдө инсандын билим берүү жана таанып билүү керектөөлөрүн канааттандыруу; инсандын ролун активдештирүү жана өзүнүн жашоодогу билим алуу траекториясын куруудагы анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Кошумча билим берүү баланын маданиятын жана ишмердиктин субъектиси катары өздүк өнүгүүсүнүн, өздүк жакшыруусунун үзгүлтүксүз процессинин негизи болуп калды.

Секциянын катышуучулары өз сөздөрүндө балдарга жана жаштарга кошумча билим берүү ар бир баланын жашаган жерине жана үй-бүлөсүнүн социалдык-экономикалык статусуна карабастан, анын ийгиликтүүлүгү үчүн шарт түзүү жолу менен коомдогу социалдык туруктуулукту жана калыстыкты жогорулатуунун маанилүү фактору экендигине токтолушту. Ал үй-бүлөдө жана билим берүү уюмдарында билим ресурстарын керектүү көлөмдө же сапатта ала албаган балдардын маанилүү бөлүгү үчүн “социалдык лифттин” милдетин аткарат жана муну менен алардын кемчиликтерин толуктайт же балдардын билим алуу жана социалдык жетишкендиктери үчүн альтернативдик мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет, анын ичинде ден соолук жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жана татаал турмуш шартындагы балдар дагы бар. Секциянын катышуучулары кызматташтыктын маанилүү аспектиси катары эл аралык билим берүү программаларын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну, кошумча билим берүү уюмдарынын жана мекемелеринин өз ара иш-аракеттеринин формаларын кеңейтүү жана билим берүү ишмердигинин жыйынтыктарын өз ара моюнга алууну белгилешти. Ошондой эле катышуучулар съезддин резолюциясынын сунуштарына өзгөчө токтолушту.

12-октябрда съезд ишин аяктап, жыйынтыктоочу резолюциясын кабыл алды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер