КОЛЛЕДЖДЕРГЕ КАБЫЛ АЛУУ 10-ИЮЛДАН БАШТАЛАТ
- 08.07.2020
- 0
Кыргызстандагы кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу ушул жылдын 10-июлунан башталат.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкы жылы кесиптик орто окуу жайларына да абитуриенттерди кабыл алуу онлайн түрүндө жүрөт. Бул үчүн «Кыргызстандын колледждерине онлайн кабыл алуу системасы — www.spuz.edu.gov.kg ” иштелип чыкты.
Документтерди каттоо онлайн түрүндө эки тур менен ишке ашырылат.
Биринчи тур
10-июлдан 31-июлга чейин документтерди онлайн каттоо жүрөт. 3-августта кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. Ал эми 3-6-август күндөрү абитуриенттер кесиптик орто окуу жайларында билим ала турганын ырастоосу зарыл.
Экинчи тур
1-августан 20-августка чейин документтерди онлайн каттоо. 22-августта кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. 23-30-августта абитуриенттер кесиптик орто окуу жайларында билим ала турганын ырастоосу зарыл.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Комментарийлер