КОЛЛЕДЖДЕРДИН БАЗАСЫНДА СЕГИЗ ОКУУ-ӨНДҮРҮШ КОМПЛЕКСТЕРИН АЧУУ ПЛАНДАЛЫП ЖАТАТ

  • 22.01.2020
  • 0

КОЛЛЕДЖДЕРДИН БАЗАСЫНДА СЕГИЗ ОКУУ-ӨНДҮРҮШ КОМПЛЕКСТЕРИН АЧУУ ПЛАНДАЛЫП ЖАТАТ

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү жайларынын базасында окуу-өндүрүш комплекстерин түзүү тажрыйбасын кеңейтүүнү пландап жатат. 2021-жылга чейин Кыргызстанда сегиз мындай комплекстер ачылышы мүмкүн.

Окуу-өндүрүш комплекстери –технологиялардын акыркы талаптарына ылайык жабдылган заманбап өндүрүш мекемелери. Алар калктын муктаждыктары боюнча жүргүзүлгөн анализдин негизинде ачылган.

Комплекстер өзүн-өзү каржылоо системасында иш алып барат. Элге көрсөтүлгөн сапаттуу кызмат окуу-өндүрүш комплекстерин каржылоого, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жана кесиптик лицей же колледждердин инфраструктурасына инвестиция салууга жардам бере алат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров жана Каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Суйеркул Бишкек шаарындагы №18 жана Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик-лицейлердин базасындагы окуу-өндүрүш комплекстеринин иш жараянын көрүштү.

Жетекчилер окуу-өндүрүш комплекстеринин учурдагы ишмердүүлүгү, каржылык абалы, юридикалык жактан каттоо жана башка жагдайлары боюнча кеңири маалымат алышты. Алар окуу-өндүрүш комплекстерин түзүү тажрыйбасын кеңейтүүнү талкуулашты.

Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырган Азия өнүктүрүү банкынын долбоору аркылуу буга чейин кесиптик лицейлердин базасында төрт окуу-өндүрүш комплекстери ачылган.

№18 жана №43 лицейдеги комплекстер жеңил, оор жүк ташуучу унаалар жана айыл чарба техникалырын оңдоо кызматын көрсөтөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер