КМУда мектеп директорлорунун III форуму өтүүдө

  • 30.10.2025
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде мектеп директорлорунун III форумунун уланууда.

КМУда мектеп директорлорунун III форуму өтүүдө

Иш-чарага Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Россиянын бир катар жогорку окуу жайларынан келген өкүлдөр, Түштүк-Батыш мамлекеттик университетинин эксперттери жана мектеп директорлору катышууда.

Форумдун алкагында заманбап билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу, мугалимдерди колдоо, инновациялык технологияларды колдонуу жана окуу процессинин сапатын жакшыртуу сыяктуу маселелер талкууланууда. Ошондой эле катышуучулар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча атайын программа уюштурулуп, секциялар, мастер-класстар жана россиялык адистердин консультациялары өткөрүлүүдө.

КМУда мектеп директорлорунун III форуму өтүүдө

Форумдун негизги максаты — 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында мектеп директорлорунун кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү болуп саналат.

Иш-чара Россотрудничествонун Өкүлчүлүгү, Түштүк-Батыш мамлекеттик университети (Курск шаары, РФ), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, И. Арабаев атындагы КМУ, Кыргыз-Россия Славян университети жана “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер