КМТУДА ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ

  • 10.12.2018
  • 0

7-декабрда И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде Кыргыз тили фестивалынын алкагында “Рухий толкун” адабий поэзия кечеси өткөрүлдү.

КМТУДА ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ

Кечеге таланттуу жаш акындар, Жазуучулар союзунун мүчөсү, А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты Акбар Кубанычбеков жана «Жаңы толкун» адабий клубунун мүчөсү, «Калемгердин пегасы» адабий конкурсунун баш байгесинин ээси Максат Жангазиев катышты. Окуу жайдан кабарлашкандай, иш-чарада ыр менен төрөлүп, ыр менен тушоосу кесилип, ыр менен үйлөнүп, ыр менен жашап, ыр менен мекенин даңктаган жаш акындардын жүрөк эргиткен ырларынан колледждин калем кармап, көптү үмүттөндүргөн, акын катарына кошула турган студенттери дагы көркөм окуп, акындардын сөзүнө таандык обондуу, белгилүү ырлардан аткарышты.

Окуу жайдын ректору Мураталы Жаманбаев: “Кийим кийүү, техниканы пайдалануу, үй-жай күтүү адамга жашоо үчүн керектүү материалдык муктаждыктар. Ал эми адамдын адамдык  касиетин сактап калыш үчүн рухий байлыктын муктаждыгы зор. Ошол рухий байлыктын эң баалуусу — поэзия менен көркөм өнөр. Көзгө көрүнбөс, колго кармалбас, бирок, адамды эргитип, анын жан-сезимине азык берген, көңүлүн ачкан, кай кезде адамды оорудан айыктырган рухий кубат дал ушул поэзияда, обондо, күүдө жана музыкада!”, — деген жылуу сөздөрү менен колледждин студенттерин куттуктап, аларга окуудагы жетишкендиктерди, педагогикалык жамаатка албан ийгиликтерди, жаш акындарга чыргамачылык эргүү каалады.

Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар.
Бытыранды урууларга бөлүнбөй,
Бир жеңден кол,бир жакадан баш чыгарчулар! — деп,

кеченин аягында жаш акын Акбар Кубанычбековдун калемине таандык “Бир күн” аттуу ырлар жыйнагы мыкты көркөм окуган студенттерге белекке берилди.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер