КМТУда мамлекеттик тилде даярдалган окуу-илимий эмгектердин мыктылары сыйланды
- 30.10.2025
- 0
2025-жылдын 29-октябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Окумуштуулар кеңешинин жыйыны өтүп, анда «Мамлекеттик тилде даярдалган окуу-илимий эмгектер» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.
Бул сынак мамлекеттик тилди өнүктүрүү, илимий жана билим берүү багыттарында кыргыз тилин кеңири колдонуу, ошондой эле окутуучулардын методикалык жана изилдөө ишин шыктандыруу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.
Жеңүүчүлөрдү КМТУнун ректору Мирлан Койчубекович Чыныбаев куттуктап, дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
«Мыкты окуу китеби» номинациясы боюнча:
I даража (7000 сом): Усупкожоева Анипа Абылбековна — «Жашылча жемиштерди кургатуу технологиясы»
II даража (5000 сом): Жолдошбаев Курсанали Мурзакозуевич — «Жеңил автомобилдердин электр, электрондук жана автотроника жабдыктары»
III даража (4000 сом): Сартова К.А., Исмаилова С.Б., Сырымбекова Э.И. — «Органикалык химиянын теориялык негиздери жана реакциялардын механизмдери»
«Мыкты окуу куралы» номинациясы боюнча:
I даража (6000 сом): Кожобаева С.Т., Омурова А.А. — «Архитектуралык курулуш процесстеринин технологиясынын негиздери»
II даража (5000 сом): Сманалиева Ж.Н. — «Тамак-аш булгоочулары. Микотоксиндер: алдына алуу, деконтаминациялоо жана анализдөө ыкмалары»
III даража (4000 сом):
Очков В.Ф., Кадыров Ч.А. — «Инженердик эсептөөлөрдөгү маалыматтык технологиялар: Smath»
Борукеев Т.С., Бусурманкул кызы Зыйнат — электромеханика кафедрасынын эмгеги үчүн
«Мыкты усулдук колдонмо» номинациясы боюнча:
I даража (4000 сом): Суюнтбекова Н.А., Насирдинова С.М., Стамбекова Г.А. — «Жылуулук энергетикалык орнотмолору»
II даража (3000 сом): Абдыкеримова Д.К. — «Автоматтык башкаруу теориясы»
III даража (2000 сом): Сманалиева Ж.Н. — «Тамак-аш азыктарынын функционалдык ингредиенттерин анализдөө ыкмалары»
«Мыкты илимий макала» номинациясы боюнча:
I даража (3000 сом): Атантаев И.А., Борубаев Э. — «Региондогу ишканалардын туруктуу функцияналашынын негизги аспектери»
«Мыкты видеосабактар» номинациясы боюнча:
I даража (3000 сом): Шаршенова Рысбү Айылчиевна — «Тил кат, ишеним кат»
Бул саамалык КМТУнун жамаатынын мамлекеттик тилге болгон көңүлүн арттырып, илимий жана билим берүү тармагында кыргыз тилинин ордун чыңдоого чоң өбөлгө түзүүдө.
(БК)








Комментарийлер