КМТУда лабораториялык база ачылды
- 01.07.2025
- 0
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Энергетика институтунун “Электр менен жабдуу” кафедрасында заманбап лабораториялык базанын салтанаттуу ачылышы болду. Бул жаңылануу инженердик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана билим, илим менен өндүрүштү интеграциялоого багытталган.

Иш-чарага университеттин ректору М.К. Чыныбаев, проректорлор, түзүмдүк бөлүмдөрдүн директорлору, Энергетика институтунун бардык кафедра башчылары, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү жана чет элдик өнөктөштөр катышты.
Проект тууралуу кафедра башчысы Асиев Абай Турусбекович презентация жасап, бул жаңылануунун негизги максаты – билим берүү, илим жана практика чөйрөсүн бириктирген заманбап инфраструктураны түзүү экенин белгиледи.

Жаңыланган лабораториялык база төмөнкү төрт негизги багытты камтыйт:
1-лаборатория — АСКУЭ жана акылдуу тармактар (Smart Grid): электр энергиясынын сапатын көзөмөлдөө жана эсепке алуу, интеллектуалдык системаларды өздөштүрүү;
2-лаборатория — Монтаж жана жөнгө салуу: практикалык жана долбоордук окутуу, дрондор менен алыстан диагностика жүргүзүү, программалоочу контроллерлер менен иштөө;
3-лаборатория — Классикалык электр менен камсыздоо: электр энергиясын өткөрүү жана бөлүштүрүү, авариялык абалдарды моделдөө;
4-лаборатория — Жашыл энергетика: автономдуу жана гибриддик энергия булактары, микротармактар, борборлоштурулган тармактар менен интеграция.
Лабораториялардын жаңыланышы студенттерге 1-курстан баштап долбоорлорго катышууга, реалдуу жабдуулар менен иштөөгө, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана стартаптарга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле бүтүрүүчү квалификациялык иштерди сапаттуу даярдоого жана илимий кадрларды даярдоонун деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Бул кадам КМТУнун билим берүү процессин модернизациялоого, студенттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга жана өнөр жай менен академиялык чөйрө ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган стратегиялык өнүгүүсүнүн бир бөлүгү болуп саналат.
Бөлүшүү
Комментарийлер