«Киров» суу сактагычынан 22 жаштагы кишинин сөөгү табылды

  • 26.07.2023
  • 0

«Киров» суу сактагычынан 22 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал  25-июлда куткаруучулар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Сууга чөгүп кеткен 22 жаштагы Д.Т. аттуу жигит Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну болгон.

Ал Ч.Айтматов районундагы «Киров» суу сактагычына 23-июлда эс алуу учурунда чөгүп кеткен.

Бөлүшүү

Комментарийлер