КЕСИПТИК ОРТО ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУНУН 3-ТУРУ БАШТАЛДЫ

  • 12.08.2022
  • 0

Бүгүн 2022-2023-окуу жылына карата орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуунун үчүнчү туру башталды.

Быйыл орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуу он лайн жүрүүдө. https://2020.edu.gov.kg/spuz/ автоматташтырылган маалымат тутумунда 162 колледждин профили жайгаштырылган.

“Абитуриент online” системасынын ачык маалыматтарына ылайык, быйылкы жылы окууга кабыл алуу планына ылайык грант негизинде 4020 орун, контракт негизинде 72238 орун каралган. Ар бир турда абитуриенттер бюджеттик орунга жана контракттык окууга бирден арыз бере алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер