КЕСИПТИК БИРЛИКТИН МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

  • 06.10.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинде өткөн билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамында кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагүл Тиленбаева бир катар устаттарга сыйлык тапшырды. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы кабарлады.

Кесиптик бирлик комитетинин төрайымы салтанаттуу жыйында сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө мугалимдердин коомдогу ордун жана жаш муунду тарбиялоодогу зор эмгегин баса белгилеп, ардактуу эмгеги жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн бир катар устаттарга сыйлык тапшырды. Мыктыларга Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 100 жылдык юбилейлик медалы, “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгиси, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ардак грамотасы, ошондой эле, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн кесиптик бирлик комитетинин баалуу белеги тапшырылды.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер