КЕЛЕЧЕКТИН ЭЭЛЕРИ

  • 25.05.2018
  • 0

Кызыл-Кыя шаарындагы Эргешов Сүйүналы  жетектеген №70-кесиптик лицей  1972-жылдан бери  алгылыктуу эмгектерди жаратып келүүдө. Лицейде 433 окуучу билим алып, 60 ашык мугалим эмгектенет. Жаштарды  түрдүү интеллектуалдык-маданий иш-чараларга  даярдап, багып берип келген Мурзакулова Айзирек,Мансурова Айнагуль,Турдалиев Медерлердин эмгегин  үлгү  кылып кетсе болот.

КЕЛЕЧЕКТИН ЭЭЛЕРИ

 

КЕЛЕЧЕКТИН ЭЭЛЕРИ

 

КЕЛЕЧЕКТИН ЭЭЛЕРИ

Жакында лицейдин окуучулары Кызыл-Кыя шаарында жогорку, орто жана кесиптик окуу жайларынын арасында коомдук ишмер Апсамат Масалиевдин 85-жылдыгына арналган  интеллектуалдык оюн таймашына катышып, жакшы даярдыктарды көрсөтүп, биринчи орунга ээ болду. Ошондой эле «Китеп-адамзаттын акыл куту» аттуу шаардык деңгээлде өткөрүлгөн поэзия кечесинде лицейдин бүтүрүүчүсү Нурланбек кызы Гулнура үчүнчү орунга татыктуу болуп,«Сармерден» конкурсунда мыкты күү черткендиги үчүн лицейдин окуучусу Таваков Таалай Ардак грамота менен сыйланды.

 

   Н.Исманова

Бөлүшүү

Комментарийлер