«МЕН ӨЗҮМӨ АЙТМАТОВДУ АЧТЫМ»

  • 13.12.2018
  • 0

Ушундай аталыштагы сынак Кыргыз  мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде студенттер арасында өтүп, “Улуу тоо” командасы жеңишке жетишти.   

«МЕН ӨЗҮМӨ АЙТМАТОВДУ АЧТЫМ»

Сынакта Архитектура жана дизайн институтунун студенттеринен түзүлгөн  «Ак кеме» жана «Улуу тоо» командалары ат салышышты. Анда саламдашуу, “Манас” эпосунан үзүндү аткаруу, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуу, монолог аткаруу, интеллектуалдык сынак жана Арт-презентация боюнча күч сынашышты.
Жыйынтыгында, «Улуу тоо» командасы 172 упай менен алдыга чыгып, жеңүүчү аталды. Уюштуруучулар эки командага тең Кыргыз драмалык театрына билет тартуулашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер