Казакстандагы кыргыз элчиси “Достук” ордени менен сыйланды
- 04.11.2025
- 0
2025-жылдын 31-октябрда Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеевге II даражалуу «Достык» орденин тапшырды. Азем Казакстанда 25-октябрда белгиленүүчү Республика күнүнө арналды.
Жогорку мамлекеттик сыйлык кыргыз элчисине Казакстан Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүүгө кошкон чоң жеке салымы үчүн ыйгарылды.
Салтанат учурунда Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри эки боордош элдин ортосундагы эларалык саясий диалогду жандандырууга, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөдө Д.Дюшекеевдин активдүү ролун белгиледи.
«Достык» ордени – мамлекеттер ортосунда тынчтык, достук жана кызматташтыкты өркүндөтүүгө мыкты кызмат өтөгөн жарандарга ыйгарыла турган Казакстан Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири болуп саналат.
Комментарийлер