КАТА ЧЫККАН ОКУУ КИТЕПТЕРИ КАЙРАДАН БАСЫЛАТ

  • 16.10.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева басмаканалардын жетекчилери менен 5-6-класстардын окуу китептерин басып чыгаруу маселеси боюнча жолукту. Анда окуу китептери боюнча абал талкууланды. Ката чыккан китептер боюнча «Билим-компьютер» ЖЧКсынын жетекчилиги түшүндүрмө берип, окуу китептерин кайрадан өз эсебинен чыгара турганын билдирди.

Жолугушууда Ата мекендик окуу китептерин басып чыгаруу өлкөбүздүн эгемендүүлүк мезгилиндеги эң масштабдуу долбоор экендиги баса белгиленди. Бул багыттагы жумуштар 2016-жылы башталган жана Дүйнөлүк Банктын «Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо» долбоорунун гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 5-6-класстардын ОМКларынын иштелмелерин басып чыгарууга тандап алуу конкурсу 2016-жылдын майында өткөрүлгөн. Конкурстун жыйынтыгында «Табият таануу» жана «География» ОМКларынын иштелмелери үчүн катышкан тогуз басмаканадан «Билим – компьютер» ЖЧК тандалып алынган болчу.

«Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерин, алардын иштелмелерин жана басмакананы бекитүүнүн тандоону өткөрүү тартиптери жөнүндө» (КР БжИМ буйругу, № 194/1 16.02.2016) Жобосуна ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин Билимдин стандарттары жана сапаты боюнча координациялык кеңеши 2016-жылдын августунда «Билим-компьютер» ЖЧКсы сунуштаган 5-6-класстар үчүн ОМКлардын кол жазмаларын тандап алуууну өткөрүп, Кыргыз билим берүү академиясына экспертизага берген. Андан соң Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин кароосунун жыйынтыгында окуу китептеринин кол жазмалары апробацияга сунушталган.

КР БжИМнин 2016-жылдын 25-ноябрындагы №1615/1, 2017-жылдын 14-февралындагы №182/1 жана 2017-жылдын 7-июлундагы №931/1 буйруктарына ылайык, окуу китептерин апробациялоо өлкөнүн 56 мектебинде 2016-2017-окуу жылынын экинчи жарымында жүргүзүлүп, ал 2017-жылдын декабрында аяктаган. Апробациянын жыйынтыгы менен Кыргыз билим берүү академиясы кол жазмаларды иштеп чыгууга сунуштамаларды берген жана аларды 2018-жылдын мартында бекиткен. Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин сунуштамаларын алган соң басмаканалар окуу китептерин нускалоого даярдай башташкан.

2017-жылдын декабрында басмаканалар арасында окуу китептерин жапырт нускалоо үчүн конкурс уюштурулган. Бул боюнча тендер 2017-жылдын 6-декабрында “Слово Кыргызстана” гезитине жана Development Business (UNDP) электрондук журналына жарыяланган. Конкурс Дүйнөлүк Банктын “Сатып алуу  жетекчилигине” шайкештикте эл аралык конкурстук соода методдору боюнча аталган банктын талаптарына ылайык өткөрүлгөн. Бул конкурска жаңы окуу китептерин нускалоого алты компания катышышкан.  Мында  алгач бардык окуу китептери авторлор тарабынан кыргыз тилинде даярдалып, андан соң орус, өзбек жана тажик тилдерине которулган. Дагы бир айта кетчү жагдай, Кыргыз билим берүү академиясы окуу китептеринин предметтик стандарттарга жана окуу программасына шайкеш келүүсү үчүн жоопкерчиликти алган мекеме.

Түзүлгөн келишимдин негизинде редакторлук жумуш үчүн жоопкерчилик   «Билим-компьютер» ЖЧКсына жүктөлгөн. Өз кезегинде «Билим-компьютер» ЖЧКсы орус тилине которууда редакциялык жана корректордук каталар кетирилген фактысын мойнуна алды жана азыркы учурда түзөтүүлөрдү киргизүү менен окуу китептерин кайрадан нускалоону өз эсебинен жүргүзмөкчү.

М.Кайыпов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер