КАРЬЕРА ЖАРМАНКЕСИ  

  • 18.10.2018
  • 0
КАРЬЕРА ЖАРМАНКЕСИ  

Иш берүүчүлөр менен жаш адистердин, студенттердин жана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн ортосунда көпүрө түзүү, окуу жайлардын иш каналар, мекеме, уюмдар менен бизнес жана өнөктөштүк байланыштарын чыңдоого  шарт түзүү максатында «Дамас» отелинде Карьера жана байланыштар жарманкеси өттү.  

Иш-чараны  Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, танспорт жана архитектура университети быйыл бешинчи жолу Цвикау прикладдык илимдер Батыш-Саксон университети менен биргеликте өткөрдү. Ага элүүдөн ашуун Kyrgyz concept, Zensoft, «Авангард стиль», КБ Кыргызстан, Elite House, KICB банкы, Нак-Строй, СК «Альфа», Saima Telecom, Газпром сыяктуу ири уюмдар катышышып, өздөрү тууралуу маалымат беришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер