Каратай Сартбаевдин 95 жылдыгы

  • 21.05.2025
  • 0
Профессор Сартбаев Каратай Сартбаевичтин 95 жылдыгына арналган «Сартбаевдик окуулар-2025» иш-чарасынын алкагында жана илимий эмгектерин жайылтуу максатында «Заманбап билим берүүдө санариптик технологияларды колдонуунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция 20-майда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болуп өттү.
Каратай Сартбаевдин 95 жылдыгы
Профессор Сартбаев Каратай Сартбаевичтин чыгармачылыгын түрк дүйнөсүнө жана жаш муундарга таанытуу, изилдөө, окутуу максатында өткөн илимий-практикалык конференцияга Каратай Сартбаевичтин кызы, шакирттери, белдүү илимпоздор, аспиранттар жана магистрлер катышты.
Каратай Сартбаевдин 95 жылдыгы
Пленардык жыйында профессор Каратай Сартбаевдин педагогикалык мурастарын азыркы башталгыч билим берүү системасында пайдалануунун актуалдуулугу, окумуштуу- методист К.Сартбаевдин билим берүүнүн тарыхындагы орду тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттерине Каратай Сартбаев атындагы стипендия тапшырылды. Соңунда конференциянын катышуучуларына сертификат тапшыруу менен резолюция кабыл алынып, эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.
Каратай Сартбаевдин 95 жылдыгы
Профессор Каратай Сартбаев 84 жылдык жашоосунун 64 жылын бүтүндөй билим берүү тармагына, башталгыч класстар үчүн “Алиппе”, “Эне тили”, “Кыргыз тили” окуу китептерин жана башка да окуу-методикалык комплектилерди жаратууга арнаган.
Аталган эл аралык конференция Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан уюштурулду.
Бөлүшүү

Комментарийлер