№11: БИЛИМДИН УСТАКАНАСЫ

  • 25.12.2018
  • 0

Акыркы алты жылдан бери Каракол шаарындагы М.Горький атындагы №11 гимназия-мектеби «Шаардын мыкты мектеби» деп аталып келатат. Ар кыл проект, программалардын алкагында ийгиликтүү иш алып баруу менен, мектептин мугалимдер жана окуучулар жамааттары жакшы билим сапатын, чыгармачыл, кесипкөй ишмердүүлүгүн көрсөтүп келишүүдө. “Келгиле, окуйбуз!” проектиси боюнча иш алып баруу менен, ата-энелер коомчулугунун балдарынын китеп окуусуна тартылгандыгын байкоого болот. Ал эми “Көп тилдүү билим берүү” программанын максатына ылайык, максаттуу тилде сабактарды, класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү усулдук бирикменин иш планына ылайык жүргүзүлөт. Ошондой эле облустук билим берүү институту менен тыгыз иштеп, курска келген угуучулар менен тажрыйба алмашып туруу адатка айланган.

№11: БИЛИМДИН УСТАКАНАСЫ

Облустун мугалимдери менен тажрыйба бөлүшкөн мектеп

Биз бул мектепке барганда облустук билим берүү институтунда кыргыз тили жана адабияты боюнча өз билимдерин өркүндөтүп жаткан жыйырма мугалим №11 гимназиянын башталгыч, орто жана жогорку класстарында өтүлүп жаткан ачык сабактарга катышып жатышыптыр. Алар мыкты мектептин мугалимдеринин жаңы стандарт боюнча иштеп жаткандары, ошондой эле көп тилдүү билим берүү программасы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери менен таанышып жаткандарын билдиришти. Билим берүү институтунда кыргыз тили жана адабияты боюнча усулчу болуп иштеген Кымбат Табалдиеванын айтымында, мугалимдер кыргыз тили боюнча үч компетенттүүлүктү колдонуп жатышат.

— Эгерде мурда мугалимдердин эле түзгөн пландары менен иштеп келсек, азыр окутуунун максатын окуучунун позициясына койгонго өткөнбүз. Азыр балдар менен бирдикте мугалим сабактын максатын коюп алып өтөт, ошондой эле балдар билимдерин өздөрү баалашат. Сабак башталаардын алдында тактада, мугалимдин планында критерийлер жазылып турат. Мисалы, биз 2-класста «Үй жаныбарлары» деген темадагы ачык сабакка катыштык. Анда 2-класстын балдары критерий жөнүндө билип, түшүнүп, ошол боюнча жооп берип жатышканы бизди кубандырбай койгон жок. Окутуу орус тилиндеги класстын окуучуларынын кыргыз тили жатык, тема боюнча даана айтып, кызыгуу менен кластер түзүп, сүйүктүү улуттук тамактарыбызды билгендери кубантты, — дейт К.Табалдиева.

Ал эми Каракол шаарындагы №15 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Дильдара Асанованын айтуусунда, алар жаңы стандарт боюнча протокол түзгөндү үйрөнүшүптүр. Ошондой эле сабактын максаттарын коюу, кандай ыкмаларды пайдалануу керек экенин көрүп, өздөрүнө белгилеп алышканын айтса, Шевченко мектебинен келген Роза Бакирова, окуучунун позициясынан максат коюу, баалоо, сабак башталганда эле жагымдуу маанай түзүлгөнү сапаттуу билим алганга чоң ролду ойноорун белгиледи.

— Көп тилдүү программа облустун бардык эле мектептерине жете элек. Пилоттук мектеп катары үч жылдан бери иштеп жатабыз. Ошонун алкагында курстун угуучуларына 10-класста угузуу, көрсөтүү, текст боюнча иштөөнү коллегаларыбызга көрсөтүп, түшүндүрүп, аны практика жүзүндө көрсөткөнгө аракет кылынды. Окутуу орус тилиндеги класстын окуучулары эжигей тууралуу, анын жасалышы жөнүндө текстти угушту, сүйлөштү, кайра ошол тексттин негизинде иш алып барышты. Кыскасы, тил менен адабият айкалыштырылып сабак өтүлдү. Ошол эле стратегиялар боюнча башталгыч класстарда дагы сабактар өтүлдү, — дейт мектептин директору Гүлзат Сөйкөева.

№11: БИЛИМДИН УСТАКАНАСЫ

ЖРТ жана ага даярдык

— Былтыркы окуу жылынан баштап Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык көрүүдө шаардын мектептери «Secom» билим берүү жана өнүктүрүү борбору менен бирдикте иштешип жатабыз. Түзүлгөн келишимдин негизинде алардын мугалимдери келип биздин мектепте иш-чараларды өткөрүп турушат. Биздин мугалимдер аларга барып, курс сыяктуу өтүп турушат. Кыскасы, биргеликте иштөө ыкмасы балдардын ЖРТга даярдык көрүшүнө жакшы жардамын тийгизди. Биргелешип, чогуу иштешкендин негизинде мурдагы окуу жылдары ЖРТнын орточо көрсөткүч баллы 138 түзсө, жогорку баллдар 203, 207, 212, 213 жетти, эң төмөнкү көрсөткүчүбүз 89 балл болгон. Ал эми ушул жылкы жазгы көрсөткүчүбуз 145 баллга, т.а. 5 баллга жогорулады. Семестр сайын каникул учурунда окуучуларды даярдайбыз. Тестирлөө кандай өтсө, биз дагы ошол нукта өткөрүп келатабыз. Бул деген балдар психологиялык жактан көнсүн, даяр болсун деп жатабыз. Экинчиден, мындай иш-аракеттер балдардын даярдыгына, билим сапатынын жакшы көрсөткүчүнө пайдасын тийгизип жатат. Ошол 5 баллдык көрсөткүч, бир жыл ичинде жогорулагандыгы жаман эмес көрсөткүч деп ойлойм, — дейт Гүлзат Сөйкөева.

Мектептин былтыркы бүтүрүүчүлөрүн карап көрсөк, алардын 97% жождорго өтүшүптүр. Анын ичинен 43% бюджетте окушса, 12% чет өлкөлөрдө окуп жатышат: Польшада, Америкада, Англия, Россия ж.б. Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү аскер кесибин, так илимдерди жана гуманитардык багыттарды тандап алышкан.

Балдардын саны үч эсе жогору

Мектептин проектилик кубаттуулугу 960 балага эсептелинген, бирок мыкты мектеп үчүн учурда 2584 бала билим алып жатат. Мектепте 89 мугалим эмгектенет. Балдардын саны үч эсе жогору.

— Негизги көйгөй — окуучулардын санынын көптүгү. Эгер класста 25 окуучудан отуруш керек болсо, бизде 50-55тен отурган класстар бар. Окутуу орус жана кыргыз тилдеринде. Мектепке окуйм деп келген балдарды кантип албай коесуң. Алууга туура келип жатат. Көп бала отурганда мугалимдин ишине дагы тоскоолдук болбой койгон жок. Билим сапатына  таасирин тийгизет экен. 40-45 мүнөттүн ичинде мугалим бардыгын сураганга жетишпей калат экен, — дейт мектептин жетекчиси.

Мектепте бир компьютердик класс, эки интерактивдүү такта бар. Каникул учурларында мугалимдерди заманбап технологияларды кантип пайдалануу керектигин информатика сабагынын мугалимдери үйрөтүшөт.

Мектептин эң жакынкы өнөктөшү — билим берүү институту. Эгерде мурда 5-6 мугалим эле курстан өтүп жүргөн болсо, акыркы эки жылда 18-24 мугалимге чейин курстан өтүп турушат экен. Акыркы үч айды алсак, тогуз мугалим билимдерин өркүндөтүп келишкен.

Ата-эне мектептин жакынкы жардамчысы

Мектепте ата-энелердин “Биримдик” Камкорчулар кеңеши иштейт. Алар мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого салымын кошуп келатат. Алардын жардамы менен мектепте видеокөзөмөл орнотулган. Класстарда заманбап телевизорлор орнотулуп, ноутбуктар коюлган. Анын баары интернетке туташтырылган.

— Мунун баары меймандар же ачык сабактар үчүн эмес, күндөлүк сабактарда пайдаланылсын деп биз талап кылып жатабыз. 18 компьютер болсо, анын алтоосун Камкорчулар кеңеши алып берген. Заманбап технология менен мугалимдерибиздин 70-80% иштей алышат. Болгону пенсия курактагы эжей-агайлар гана кыйналып калбаса. Алар деле окуучулардын жардамы менен сабактарында пайдаланып жатышат, — дейт директор.

Былтыр Камкорчулар кеңеши 100 миң сомго башталгыч класстар үчүн математика окуу китебин сатып беришсе, 5-6-7-класстар үчүн 60 миң сомго англис тили китебин алып беришкен.

— Жылына ата-энелер мектепке 250-300 сом төлөшөт, орточо эсеп менен 500-520 миң сом чогултулат. Түшкөн каражат боюнча ата-энелерге чейрек сайын отчет берилип турат. «Балдар үчүн каражаттар колдонулуп жатыптыр», — деп ата-энелер дагы түшүнүү менен карап калышты. Ошондон кийин жардам көрсөтөбүз деген ата-энелердин саны көбөйдү. Акча маселесин ата-энелер гана чечишет. Мугалим, окуучу акча менен иштери жок, — дейт Г.Сөйкөева.

№11: БИЛИМДИН УСТАКАНАСЫ

Мындан сырткары Камкорчулар кеңеши “Май ассамблеясында” окуу жылынын жыйынтыгы менен жыл ичинде жетишкен ийгиликтерди айтып, спортсмендерди, предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн, аларды даярдаган мугалимдерди, эстетикалык багыттагы ар кандай сынактарга катышкан, орун алгандарды, даярдаган мугалимдерди чакырып, 300-500 сомдон, эгерде республикалык деңгээлде орунга чыгышса 1200 – 2000 сомго чейин сыйлашат.

Баса, жакында өткөн «Жыл мугалими — 2018» сынагынын облустук туруна мектептин эки мугалими катышты. Ал эми Камкорчулар кеңеши сынакка катышкан ар бир мугалимге 5000 сомдон жардам берип турат. Негизи көбүнчө каражаттар парта, эмерек, компьютер алууга жумшалат. Акыркы эки жыл ичинде эле алты класстык кабинетке алты комплект эмеректери алынган. Ар бири эле 60-80 миң сом турат.

— Балдардын көптүгүнө байланыштуу буга чейин иштелбей турган бардык кабинеттерди капиталдык ремонттон өткөрдүк. Ошолорго жаңы эмеректерди коюп чыктык. Былтыркы окуу жылында министрликтен сегиз компьютер алганбыз, — дейт директор айым.

№11: БИЛИМДИН УСТАКАНАСЫ

№11: БИЛИМДИН УСТАКАНАСЫ

№11: БИЛИМДИН УСТАКАНАСЫ

Долбоорлор менен иштөө 

Ар кыл проект, программалардын алкагында ийгиликтүү иш алып баруу менен, мектептин мугалимдер жана окуучулар жамааттары жакшы билим сапатын, чыгармачыл, кесипкөй ишмердүүлүгүн көрсөтүп келишүүдө.

Англис тили боюнча өткөн “Билимкана” олимпиадасында мектептин 10-классынын окуучусу Төлөнов Чыңгыз республикалык турда баш байгени камсыздап, жайкы каникул учурунда Улуу Британия мамлекетине эс алууга барып келди.

2018-жылдын март айынан тартып менталдык арифметика боюнча 11 тайпада сабактар өткөрүлүп, окуучулар облустук, республикалык жана эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болуп кайтты.

Жаш Пифагорлор техника дүйнөсүндө” математикалык олимпиадасында мектептин окуучулар командасы жыл сайын шаардык жана регионалдык турдан жеңүүчү деп табылып, үч жыл катары менен республикалык турда катышуу менен байгелүү орундарды камсыздап келишет. 2017-жылы Жээнбекова Н. — 2-орунду, 2018-жылы командалык эсепте 2-орунду ээлешти.

Аталган проект, программалар менен иш алып баруу чыгармачыл окуучуларды аныктоого, окууга болгон кызыгуусун арттырууга, жыйынтыгында билим сапатынын жогорулашына түздөн-түз жакшы таасирин тийгизээрин практика көрсөтүп жатат. Мында чыгармачыл окуучуларды аныктоого, алар менен жекече иш алып барууга, окуучулардын, мугалимдердин жараткан ийгиликтеринин аркасында чоң стимул алып жаткандыгы көрүнөт.

Баса, жогоруда аталган мектеп 2016-17-окуу жылында облустук, шаардык сынактарда “Мыкты мектеп” деп 1-орунду алып, республикага чыгып, ал жерден 4-орунга татыктуу болуп, түстүү принтер менен сыйланган.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим», Бишкек – Каракол — Бишкек

Бөлүшүү

Комментарийлер