КАРА-КӨЛДӨ №2 МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

  • 11.12.2018
  • 0

Кара-Көл шаарында №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби ачылды.

КАРА-КӨЛДӨ №2 МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

КАРА-КӨЛДӨ №2 МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Мектептин оңдоо иштери былтыркы жылдын ноябрь айында башталып, ага республикалык бюджеттен жалпы 16 миллион 500 миң сом бөлүнгөн. Жалпысынан 20,5 миллион сомго мектеп толугу менен бүткөрүлгөн.

Мектеп 1967-жылы негизделген. Төрт кабаттуу, бир окуу жана чарбалык корпустардан турат. Жалпы аянты 5017 чарчы метрди түзөт. Мектепте спорт зал, ашкана, 28 класстык бөлмө, технология бөлмөсү жана башка кошумча көмөкчү бөлмөлөр бар. Учурда 52 мугалим эмгектенет.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер