КАЛЫСТЫККА БАГЫТ АЛГАН ЖРТ

  • 17.03.2023
  • 0

КАЛЫСТЫККА БАГЫТ АЛГАН ЖРТ

Кыргызстанда 27-февралдан бери Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүп жатат.  Ушуга байланыштуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеевага айрым суроолор менен кайрылдык.

— Абитуриенттерди каттоо кандай форматта жүрүп жатат?

— Каттоо электрондук форматта жүргүзүүдө жатат. 2020-жылы карантин убагында онлайн каттоо платформасын иштеп чыкканбыз. Ошондон бери абитуриенттерге ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.  Бүтүрүүчүлөр testing.kg сайтында онлайн түрүндө катталса болот. Онлайн каттоодон өтүүнү каалагандарга системага кирүү үчүн атайын код керек болот. Ал код окуучу окуган мектептеги жооптуу адамдарга (класс жетекчи, директор) берилет. Бүтүрүүчү код берилген мугалимдин көзөмөлүндө каттоодон онлайн өтө алат. Ал эми мурунку жылдын бүтүрүүчүлөрү болсо райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө керектүү документтерин алып барып жеке код алса болот. Онлайн катталып жатканда логин катары абитуриенттин колдонгон телефон номери берилет. Бул номерди тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болгонго чейин сактап коюу керек. Анткени аны каттоодо гана эмес, жогорку окуу жайга тапшырып жатканда дагы пайдаланат. Абитуриенттер ушуга көңүл бурушу керек, бул абдан маанилүү. Электрондук каттоонун негизги артыкчылыктары абитуриент мурункудай 3х4 сүрөткө түшүп, документтердин копияларын бизге жиберип, бир жери ката болуп калса кайра жөнөтүп убара болбойт. Бардык керектүү документтерин өздөрүнүн жеке кабинети аркылуу сүрөткө тартып жөнөтүп, көзөмөлдөп турат. Кошумча сабак коштургусу келсе, РСК банкына барып кошумча предмет үчүн акысын төлөп, дүмүрчөктүн штрих кодун жеке кабинетине киргизип коет. Абитуриенттер үчүн бул жакшы жеңилдик болду.

— ЖРТны өткөрүү үчүн  тендерди кайрадан  жеңип алдыңыздар. Катталуу акысы мурункудай элеби?

— Үч жылдан бери каттоо акысы 370 сом болуп келген. Өлкөдөгү бардык нерсенин бааларынын кымбаттаганына байланыштуу, биз дагы быйыл жаңы тендердик келишим боюнча каттоо акысын жогорулатууга аргасыз болдук. Быйыл каттоо баасы 470 сомду түзөт. Бирок ушул баа менен үч жыл тест өткөрөбүз. Мындайча айтканда, тобокелдик да бар десем болот. Себеби жакынкы үч жылда баалар дагы кандай өзгөрөт билбейбиз да. Бул акчаны биз тест дептерлерин түзүүгө, иштеген администраторлордун айлык акысын берүүгө, тест өткөрүүдөгү майда-чүйдө каражаттарга ж.б. бардык чыгымдарга коротобуз. Абитуриент  негизги тест үчүн 470 сом кошумча предметтен тапшырам десе, ар бир предметке 470 сомдон төлөйт.

— Өткөн жылдагы кышкы кабыл алуу  өзүн актадыбы? Быйыл да кышкы кабыл алуу болобу?

— Былтыркы жылы кышкы кабыл алуу жөнүндө өкмөт атайын токтом кабыл алып, ноябрь айында тест өткөргөнбүз. Бирок былтыр май айында 51867 адам тест тапшырган болсо, кышкы кабыл алууда 1260 гана тапшырды. Биз ар бир өткөргөн тесттин суроолорун, тест дептерлерин улам жаңы түзүп чыгабыз. Былтыркы кышкы кабыл алууда тапшыргандар аз болгондуктан, өзүн актабай калды десем болот. Быйыл эми өкмөт кандай чечим кабыл алат, билбейбиз. Ошондуктан кышкы кабыл алуу болот же болбойт деп азырынча айта албайм.

— Быйыл жалпы жонунан кандай өзгөрүүлөр бар?

— Быйылкы ЖРТны өткөрүүдө жалпы эрежелер боюнча олуттуу деле өзгөрүүлөр жок. Талаптар мурда кандай болсо азыр деле ошондой. Болгону ички эрежелер бир аз өзгөрдү. Жылдагыдай эле беш багыттын (бийик тоолуу аймак, айыл, шаар, райондук-шаардык мектептер) негизинде сертификаттар берилет. Биздин негизги максат, абитуриенттерге социалдык жана материалдык абалына карабастан бирдей шарттарды түзүп берүү. ЖРТны таза жана так өткөрүү. Мурдагыга караганда каттоо оңой болуп калды. Бул дагы биздин тест тапшыруучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү аракетибиз. Каттоо 6-апрелге чейин уланат. Ошого чейин абитуриенттер каттоого туруп, тест тапшыруу акысын төлөп коюуга тийиш. Мурунку жылдары кээ бир окуучулар башкаларга жардам берем деп билинбеген фотоаппараттарды алып кирип, тест дептерлерин сүрөткө тартып алган учурлар катталган. Бирок бул эч кандай пайда бербейт. Анткени ар бир тест дептеринде маанилери окшош бирок ар башка суроолор болот. Бирөөнө келген суроо башка катышуучуга келбейт. Ошондуктан тобокелдикке салып андай эрежеге ылайык эмес иштерди кылбаса дейт элем. Андай учур аныкталса, тест тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калат. Мунун эч кимге пайдасы жок. Бардык жерде тест өткөрүү таза жана адилеттүү өтөт.

— Абитуриенттер үчүн онлайн сынамык тесттер барбы?

— ЖРТ тапшырууну каалагандар биздин сайттан бекер онлайн сынамык тесттен өтүп турса болот. Ошондой эле ББОУБ
www.testing.kg сайтында жана Ютуб каналында ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактар да жеткиликтүү. Андан сырткары ар бир регионго барып, атайын сынамык тесттерди алып турабыз.

— Жртга катталуу үчүн кандай документтер керектелет?

— Эң биринчи кезекте паспорт, 16 жашка чыга электер үчүн  бүтүрүүчүнүн мектепте окуп жатканын тастыктаган маалымкат менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк. Ал эми  өткөн жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн  аттестат. Экинчиси, каттоо жыйымынын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк. Үчүнчү паспорттогудай сүрөттүн электрондук версиясы, сүрөткө түшкөндө ак фондо баш кийимсиз түшүү керек, хиджаб кийгендер болсо кийип түшүүгө уруксат. Эскерте кетчү нерсе катталуу үчүн төлөмдөрдү РСК банктын каалаган бөлүмүндө же “O! Деньги” тиркемеси аркылуу жүргүзсө болот.

Фархат КАНЫБЕКОВ,  «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер