КҮН НУРЛУУ БАЛДАР ГҮЛГӨ ОРОНГОН БИШКЕКТЕ
- 21.05.2018
- 0
Жети жылдан бери Санжарбек Данияровдун Коомдук Фонду уюштуруп келаткан “Биринчи мугалим” сынагынын жеңүүчү үч мугалими классындагы окуучулары менен бирге Бишкекте экскурсияда болуп кайтышты.
Май майрамдарынын жана алдыдагы көптөн күткөн жайкы эс алуу күндөрүнүн алдында Ысык-Көл районунун Темир айылындагы Э.Керимгазиев атындагы мектептин (мугалими 1-орунду ээлеген Турумкан Каримова), Кочкор районунун Чолпон айылындагы К.Акназаров атындагы мектептин (мугалими 2-орунду ээлеген Нур Акунова) жана Баткен районунун Жаңы-Бак айылындагы К.Тагаев атындагы мектептин (мугалими 2-орунду ээлеген Нургүл Караева) окуучулары борбор калаада эстен кеткис көңүл ачып кетишти.
Балдардын Куурчак театры жана Куйручук спектакли
Балдардын Бишкекке саякаты Кожомкул баатырдын эстелигинен башталды. Кыргыздын алпын мурда сүрөтүнөн гана билишкен балдар анын эстелигинин жанында сүрөткө түшүштү. Андан кийин аларды Куурчак театрда Элмира Чокморова койгон “Амалкөй Куйручук” спектакли күтүп жаткан. Куурчак театрынын кызматкери Замира Кубаталиева спектаклден кийин балдарга куурчак оюнунун сырлары менен бөлүштү:
- Бүгүн балдар спектаклдин бет ачарына күбө болушту. Аны башталгыч класстардын окуучулары үчүн атайын даярдашкан. Себеби кийинки муун эски салт-санааларды, жомокторду дээрлик унутуп калышты. Куйручукту да билбей баратышат. Бул спектакль балдарга бай менен кедейдин, ток менен ачканын айырмасын билүүгө, бай болсо эле сөзү үстөмдүк жасаганы туура эмес экендигин түшүнүүгө жардам берерине ишенем. Спектаклдин режиссеру Элмира Чокморова Куйручукту жаңыртып кыргызча койду. Анткени ал 1972-жылы орус тилинде коюлган экен. Кыргызчага Алеся Раимкулова которду,-деди.
Баткенден келген кичинекей көрүүчү Бегимайга Куйручуктун акылдуулугу, амалкөйлүгү, өзгөчө байларды алдагандары жакты. Баткен облусунун Жаңы-Бак айылындагы чакан мектептин башталгыч классынын мугалими, сынактын жеңүүчүсү Нургүл Караева балдардын маанайы менен мындайча бөлүштү:
- Мен жети жылдан бери башталгыч класстын мугалими болуп иштейм. Ага чейин бала бакчада иштегем. Бул спектаклдин балдарга тарбиялык мааниси өзгөчө экен. Мурда бирөө-жарым Куйручук тууралуу угушкан болсо, эми өз көздөрү менен көргөндөрү өтө кызыктуу болду. Кыздарым үйлөрүнө барганда ушундай куурчак жасап, өзүбүз спектакль даярдайбыз деп демилгеленип жатышат. “Мен бир нерсени уксам эсимден чыгарам, көрсөм эстейм, колум менен жасасам, өмүр бою эсимде калат” деген ушул эмеспи. Менин классым чакан, болгону 12 кыз, 8 бала окуйт. Окуучуларым тартиби, тазалыгы жана окуудагы жетишкендиктери боюнча мектеп боюнча алдыда келатышат. Ушул экскурсияга келгенибиз да башкалар үчүн үлгү,-деген пикирин билдирди.
Ала-Тоо аянты, Манас жана Айтматов
Баш калаабыздын борборунда маңдай тескей жайгашкан Манас бабабыздын жана залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери тууралуу Фонддун экскурсиясын кызыктуу өткөрүүгө жардамдашканы келишкен КЭУнун 3-курсунун студенттери, ыктыярчылар Жанара Дүйшенова, Арзыгүл Оморова, Нурболот Жаныбек уулу, Лира Урматова жана Кыргызтелекомдун кызматкери Курманбек Жаанбаев айтып беришти.
Кичинекей саякатчылардын эң ырахаттуу учуру – бул албетте, Улуттук Гвардиянын солдаттарынын Караул алмашуу салтанатынан көргөн сезимдери болду окшойт. Балдардын жайнаган көздөрүн, оозун ача суктанып карашкандарын көрүп, экскурсиянын программасына бекер кошулбагандыгына ынандык. Балдар солдаттардын кадам ыргагында көпкө чейин басып келишип, келечекте ушундай эл-жерин коргогон эр жүрөк азаматтардан болушарын айтышты.
Андан соң балдар Ала-Тоо аянтынын жанындагы “Уголек” деген кафеден түштөнүп алышып, Михаил Фрунзенин музейине бет алышты. 1926-жылы ачылган бул үй ичиндеги музейдин кызматкерлери аларга М.Фрунзенин үй-бүлөсү жөнүндө кызыктуу маалыматтарды айтып беришти.
Кичинекей саякатчылар андар ары аянттагы нөлдүк километрди, Курманжан-Датканын эстелигин, ачык асман алдындагы музейди, Опера жана балет театрын, Чолпонбек Базарбаев, Аалы Токомбаевдин эстеликтерин жана башка көптөгөн эс алуу жайларын кыдырышты. Ара чолодо бош убакыт боло калса эле, алар “Ак-Терек — Көк-Терек”, “Учту-Учту” ж.б. оюндарды ойношуп, жаңылтмачтарды, табышмактарды айтып жатышты. Алардын айткан табышмактарын табуу үчүн көпкө чейин баш катырып ойлонууга туура келди…
“Бишкегим, Бишкегим – борборум сен…”
Албетте, балдардын көбү мурда кийин борбор калаага көп эле келип жүрүшсө керек, ал гана эмес, жогорудагы эстеликтерди деле көрүп жүрүшкөндүр, бирок ушундай топ менен, ушундай учурда көрүшпөгөнү анык.
Бишкек бул күнү жарашыктуу жасанып алып, кудум биздин татынакай кичинекей конокторубузду чыдамсыздык менен күтүп жаткандай эле. Көктөгү көп-көк булуттарга чагылышкан күндүн нурлары балдардын жүзүндөгү жылмаюулары менен айкалышып, айланадагы кызыл-тазыл мандалактар аларга андан беш бетер көрк кошуп кулпунуп турду. 140 жашка чыккан баш калаабыздын борбор аянтында эки-экиден жетелешкен бөбөктөрүбүз өздөрүн кадыресе олуттуу сезе кичинекей колдорун жогору көтөрүшүп:
“Бишкегим, Бишкегим, борборум сен,
Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен.
Бактылуу сеземин түшкө кирсен,
Бар болгун, бар болгун Бишкегим сен!” – деп ырдап баратышты.
Биздин кичинекей ырчыларыбыз аларды жылмая узата карашып, кызыга сүрөткө тартып жатышкан шаардыктарга көңүл буруп да коюшпай, ырдап, ошол ырдан ырахат алып жатышкандай эле…
Республикабыздын алыскы аймактарынан келишкен балдардын ачык маанайы, ыр-бийге шыктуу өнөрлөрү Санжарбек Данияровдун Коомдук Фондунун негиздөөчүсү жана директору Асель Даниярованы өзгөчө кубандырды.
— Балдар узак жолдо келишкенине карабай, бизге жана бири-бирине сюрприз даярдай келишиптир: интернаттын фойесине дароо чогула калышкан окуучулар заманбап жана улуттук ар түрдүү бийлерди бийлешип, өздөрү бизге арнап жазган ырларын чын жүрөктөн айтып беришти. Мага айылдык мектептерде окушкан балдар өтө тартиптүү жана улуулар айткан насааттарды дилгирленип аткарышканы аябай жакты. Баарынан да, улуулардын акыл-насааттарын аткарууга ынтызарлыгы алардын ачык-айрым, активдүү, демилгечил, шайдоот-шайыр болушуна түк дагы тоскоол болбогонун белгилебей кое албайм. Экскурсияга келген 73 баланын бирөө да бийлебей, ырдабай же ыр айтпай четте калган жок. Тескерисинче, өздөрүнүн ролун артисттик чеберчиликте аткарууга умтулушуп, ошол эле учурда башка класстын окуучулары аткарышкан номурларды да кызыгуу менен кунт коюп көрүп жатышканы мени кубандырды.
Мага быйылкы экскурсияны өзгөчө эстен кеткис өткөрүүгө көмөктөшкөн өнөктөштөрүм: “Билимкананын” жетекчилери Төлөндү Тойчубаев жана Эльнура Осмоналиева баш болгон жалпы жамаатына, балдарга түшкү жана кечки тамактарды уюштуруп берген жеке ишкер Азрет Боотаевге, жеке ишкер Светлана Тыныбековага, ошондой эле ДНК деген ат менен белгилүү болгон Балдардын илимий комплексинин түзүүчүсү Гүлназ Турбатовага чын жүрөктөн чыккан терең ыраазычылыгымды билдиремин!
Жалпы катышкандардын пикирлери боюнча экскурсия аябай кызыктуу, пайдалуу жана чыныгы майрамдык маанай тартуулаган деңгээлде өттү. А мен болсо ушундай достор менен таанышкандан кийин өзүмдү эң бактылуу жана эң керектүү адам катары сездим,-деп толкунданган сезими менен бөлүштү.
Балдар эмес, алардын чоң энелери көрбөгөн “БИК”
Эртеси күнү Билимкана-Кант жатак мектебинен тамактанып чыгышкан балдарды салган автобус түз эле ГУМда жайгашкан “ДНКга” (Балдардын илимий комплекси) алып келди. Бул жерде балдар толук эки саат болушту. Балдарды айрыкча “фокустар” менен даярдалган шоу жана физика, химия мыйзамдарынын сырлары өтө кызыктырды. Балдардын ал жерден көргөндөрү көпкө чейин эстен кетпей сакталары турган иш.
Кичинекейлердин борбор калаага саякаты Кочкор районундагы К.Акназаров атындагы мектептин 4-классынын окуучулары даярдап келген Гүлмира Эсенгулованын “Алтын-Уя” мюзикли менен аяктады. Мында алардын мугалими Нур Садатбековнанын эмгегин белгилебей коюуга болбос. Алар ушул музыкалык номуру менен Нарын облустук кароо-сынакта жеңүүчү болушканын сыймыктануу менен айтып беришти.
Кочкор районундагы Чолпон айылынан келишкен мугалимге жардамчы катары коштоп келген ата-эненин бири Венера өзү да ошол мектепте мугалим болуп эмгектенет.
- Мен өзүм деле ошол мектепте мугалим болуп иштейм. Кесибим – биолог. Ушул экскурсия балдарга эле эмес, бизге да аябай жакты. Чындыгында Бишкекке ар түрдүү себептер менен көп эле келебиз, бирок Балдардын илимий борбору тургай, көчөлөрдөгү эстеликтерге деле көп маани бербейт экенбиз. Мен өзүм үч баланын энесимин, ушулардын баарына күбө болгон бир балам укмуштуудай кызыгып жатат. Эми калган эки баламды алып келип көргөзүшүм керек деп ойлоп турам. Нур эжейибиз өз ишин мыкты билген тың мугалим. Биздин балдар планеталардын аталыштарын, алар жөнүндө кызыктуу фактыларды ыктыярчылардан кем калбай билишкени — эжейинин эмгеги экени талашсыз,-дейт.
Ар нерсенин башталышы жана аякталышы болгон сыяктуу, башталгыч класстын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү класстарынын окуучулары көптөн күткөн экскурсия да аяктап, балдар үйлөрүнө куру кетишпей, Фонддун дагы бир демөөрчүсү Светлана Тыныбекова (ал белгилүү акын Токтосун Тыныбековдун кызы) үч мектептин китепканасы үчүн тартуулаган Токтосун Тыныбековдун “Жаз келгенде”, “Ийнелик” ж.б. китептерин, тарыхчы Ө.Осмоновдун “Кыргызстан тарыхы” китебин жана ошондой эле окуучуларга аба менен суудай зарыл “Экзамендик 100 суроого жооп” китебин алышып, олжолуу узап кетишти.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер