КӨЭУ ДА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 28.11.2023
  • 0

Бүгүн, 28-ноябрда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Абсамат Масалиевдин укуктук мамлекетти куруудагы ролу жана орду» аталышындагы аймактык илимий-практикалык конференция болду.

КӨЭУ ДА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык маарекесине карата иш-чаранын алкагында уюштурулган конференцияга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү,  белгилүү илимпоздор, коомдук ишмерлер, ЖОЖдордун окутуучулары, аспиранттар жана магистранттар катышты.

 

Окуу жайдын  ректору  Абдилбает Мамасыдыков көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абсамат Масалиевдин өмүр жолуна кыскача токтолду. Конференциянын уюштуруучусу, КӨЭАУнун илимий иштер боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Медербек Исманов кыргыз коомуна тарыхый из калтырган улуу инсандын жасаган иштерин жаштар арасында даңазалап, анын ысымы унутта калып  кетишине жол бербөө керектигин баса белгиледи.

КӨЭУ ДА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Пленардык жыйында юридика-бажы факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Көкөева, Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун директору т.и.к.,доцент, Асан Бердиев, Ош шаардык мэриясынын тышкыбайланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы Максат Орозалиев Абсамат Масалиевдин Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы  коомдук ишмердиги,  анын мамлекеттин башкаруу саясатын жүзөгө ашыруудагы  ѳзгѳчѳлүктѳрү, юридикалык милдеттерин таза аткара алган үлгүлүү мамлекеттик ишмер экендигин даңазалаган баяндамаларды жасашты.

Конференция суроо-жооп, талкуулар менен коштолуп, жыйынтыгында илимий-практикалык конференциянын катышуучулары резолюция кабыл алышты.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер