КҮЧТҮҮ КОМАНДА – КҮЧТҮҮ МЕКТЕП

  • 05.12.2018
  • 0

Бишкек шаарындагы ЖЧК «Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинин иштегенине эки жылдын жүзү болду. Бул мектептин негиздөөчүсү, башкы директору Гүлнара Дайырбекова. Ал 30 жыл мектепте мугалимдик кесипти аркалап, мол тажрыйба топтоп, кыялында окутуу кыргыз тилиндеги жеке менчик мектепти ачуу эле. Тилеги аткарылып, ойлогон максаттарын өзү топтогон күчтүү команда менен ишке ашырып жаткан  учуру. Ал математика боюнча жаңы муундагы мамлекеттик стандарттын түзүүчүлөрүнүн бири. «Жыл-мугалими  — 1992»  шаардык  жана  республикалык  конкурсунун  жеңүүчүсү, эл  агартуунун  мыктысы, Кыргыз  Республикасынын  эмгек сиңирген  мугалими.  

КҮЧТҮҮ КОМАНДА – КҮЧТҮҮ МЕКТЕП

Тажрыйбага мол мугалим

Биздин каарманыбыз Гүлнара Дайырбекова 1988-жылдан 2017-жылга чейин Бишкек шаарындагы №68 гимназия-мектебинде математиканы тереңдетип окутуучу  класстарда мугалим болуп эмгектенди. 30 жыл аралыгында ал мол тажрыйба топтоп, кыялында окутуу кыргыз тилиндеги мектепти ачуу эле. Анткени мектептерде көптөгөн мугалимдер иштегени менен, бир предметтин мугалими күчтүү болсо, экинчи предметтики ойдогудай сабак өтөлбай калган учурларын көп эле кездештирген. Мисалы, химия сабагы күчтүү берилсе, математикасы начарыраак болот. Математика күчтүү болсо, тарыхы начар дегендей. Ушул көйгөйлөрдү байкап туруп, ал кыргыз тилинде билим берген, бирок бардык предметтерден методикалык жактан күчтүү мугалимдер  берсе деп  кыялданып келген болчу. Ушул кыялынын үстүнөн кесиптештери, пикирлештери, замандаштары менен акыркы он жылдын ичинде  башка өлкөлөрдүн окутуу, мектеп системасы менен таанышып, сапаттуу билим уясын ачууну пландаштырышкан. Пландын ишке ашышына  дагы  негизги түрткү Гүлнара Мелисовнанын  7 жыл бою кесипкөй мугалим, энедей мээримдүү класс жетекчи болгонунун ыраазычылыгы катары он жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөрүнүн Дубайга эки адамдык жолдомону белек кылышы шыктандырган, ал гана эмес чыгармачылык менен иштөөгө дем бергени, дагы бир бүтүрүүчүсүнүн мектеп үчүн имаратты бир жылга арендасы жок бериши, дагы бир бүтүрүүчүсүнүн эмеректерди  узартылган мөөнөттө төлөөгө мүмкүндүк берип, дизайндарын бирге иштеп чыгып, ойдогудай заманбап эмеректер менен камсыз кылганы, журналист бүтүрүүчүлөрү реклама, видеолорду даярдашып жөнөкөй эле мектеп мугалими да материалдык, моралдык чоң байлыкка ээ болсо боло турганын айгинеледи. Ошол тилектерин, максаттарын акыркы эки жылдан бери  ишке ашырып келатышат.

—  “Креатив – Таалим” деген ат менен жалпы билим берүүчү мектеп болуп ачылган. Окуу программабыз да ошого ылайыкталган. Эң негизги максат — билим берүүдө кандайдыр бир предметти тереңдетип берүү эмес,  окуу планына ылайык базалык билимди берүү жана 10-11-класста тандаган келечек кесиптерине ылайык конкреттүү окуучулар менен профилдик предметтерди жекече даярдоону  гумандуу педагогиканын элементтери  аркылуу ишке ашырууну көздөйт, — дейт башкы директор.

Тажрыйбалуу мугалимдин пикиринде, билим берүүдө балдардын тизесин титиретип урушпай, кыйкырбай, кемирип-кеспей, жылуу маанай менен сабакты  өтсө болот. Анын 30 жылдык практикасында бир дагы окуучуга үнүн катуу чыгарган жан эмес. Анын ою боюнча айрым мугалимдин предмет боюнча билими терең, бирок, окутуунун методикасын жакшы билбейт же баалоонун объективдүүлүгүн ишке ашыра албайт, ошондуктан ар бир мугалим профессионалдык билимге, педагогикалык техникага жана педагогикалык жөндөмдүүлүккө ээ болуулары зарыл. Ушундай стилде иштеген мугалимдер менен кызматташсам десе ал ак эткенде, так этчү. Экинчи кыялы, башкаруу системасы. Мугалимдердин көңүлүн сурап, методикалык жактан өсүшүнө жардам берип, эшиктен кирип келатканда жакшынакай маанай менен, эргүү менен иштегидей шарт түзүп берген мектеп болсо дечү экен. Мына ошол ойлору ишке ашып, 436 окуучуну камтыган менчик мектепте, өзү айткандай эң мыкты, күчтүү мугалимдердин командасы топтолуп, 39 мугалим эмгектенип жатат. 17 мугалим айкалыштырып келип (совместители)  иштешет. Бардыгы 54 мугалим иштейт. Мугалимдердин кабинеттери жылуу, заманбап технология менен жабдылган. Бардык шарттар түзүлгөн. Ошондуктан алар чын дилдери менен иштеп жатышат. Коллективде түшүнүүчүлүк, бири-бирин көтөрмөлөө, колдоо жана бири-биринен үйрөнүү, чыгармачылык изденүү өкүм сүрүүдө. Жамааттын курамында төрт  мугалим окуу китептердин авторлору,  алтоо жаңы муундагы мамлекеттик стандарттын түзүүчүлөрү, анын ичинен экөө эксперттер. Мугалимдер  20000 – 45000 сомго чейин иштегенине жараша айлык алышат. Анткени Гүлнара Дайырбекованын максаты — бизнес кылуу, каражат топтоо эмес, балдарга сапаттуу билим берүүнү көздөйт. Ошондуктан түшкөн каражаттардын эсебинен мугалимдердин иштегенине жараша жакшы айлык акы төлөйт. Ал эми окуучулардын 60% жеңилдетилген, анын ичинде тоголок жетимдер төлөмдөн бошотулган, толук эмес жетимдер 50% төлөшсө, аз камсыз болуп бирок дараметтүү балдар да окуудан 100%  бошотулган, иштеп жаткан мугалимдердин балдары дагы бекер окушат, болгону тамакка төлөшөт. Бул мектепте окуучулар үч маал тамактанышат. Программалык билим алуу үчүн сабактарды окушат,  үй тапшырмасын аткарышат жана  8 түрлүү кружокторго катышышат. 10-11-класстардын окуучуларын түштөн кийин Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо, билимдерин системалуу текшерүү максатында компьютердик тестирлөө өткөрүлүп турат, Америкадан билим алып келген волонтерлор менен сүйлөмө англис тили боюнча баарлашуу саатын өтүшөт. Ушулардын баарына  жеңилдиктерине жараша акча төлөшөт, окутуунун акысы   максимум 10000 сом, бирок, бул сумманы аз эле сандагы окуучулар төлөшөт, анткени көпчүлүгү жеңилдиктерге ээ болушкандар.

Быйылкы жылдын дагы бир өзгөчөлүгү – түшкөн каражат толугу менен банк аркылуу өтөт. Ошондуктан каржы иштери ачык-айкын жүргүзүлөт. Бир дагы акча колго тийбейт экен. Ошол түшкөн акчанын бир бөлүгү айлыкка, бир бөлүгү налогго, бир бөлүгү арендага, бир бөлүгү тамакка кетет.

Жашоонун баары математика эмес

Мектепке кирерде балдардан тест алынат, ал кийин мониторинг жүргүзгөнгө шарт түзөт. Башкы директордун айтымында, мектепке ар тараптуу, билими ар кандай деңгээлде келген окуучулар кызык.

— Мен 30 жыл математиканы тереңдетүүчү класста иштедим, көрсө, жашоонун баары математика эмес экен. Математиканы билип, бирок адамдар менен баарлашууну билбей калып жатышпайбы?! Менин кыялымда, базалык билимди алып, өз эне тилинде эркин сүйлөп, түшүнүп, англис, орус тилдерин тереңирээк окуп, ошол тилдерде эркин сүйлөшсө дейм. Анткени, биринчиден,  англис тили — эл аралык тил, экинчиден, англис тилинде маалыматтар көбүрөөк, ошону алгандай болсун, — дейт Г.Дайырбекова.

Эң негизгиси, окуучунун жан дүйнөсү кыргыз менталитетине ылайык, ыймандуу балдар болсо дейт. Өткөн жылы 11-классты 18 бала ийгиликтүү бүтүргөн, анын ичинен бирөөсү ден соолугуна байланыштуу жогорку окуу жайга тапшыра албай калган. 17 бүтүрүүчү тең бүгүнкү күндө жогорку окуу жайларда окуп жатышат. Анткени  ЖРТдан белгилүү бир деңгээлде жакшы баллдарды алышкан. 9-классты бүтүргөн алты окуучу артыкчылык күбөлүк менен аякташкан. Аталган мектеп аккредитациядан эки жолу тестирлөөдөн өтүп, математика, кыргыз тил, географиядан 85%дан жогору билимдерин тастыкташкан. Тестке даярдоодо мугалимдер дем алышсыз иштеп, балдарга бардык  шартты түзүп, ошол предметтер боюнча тестке системалуу даярдашат. Жылдын аягында жакшы жыйынтыктарды берет.

Балдардын жан дүйнөсүн байытуу

Ар бир класста 20дан эле бала отурат. Аларга билим берүү эң оптималдуу экен. Анткени жыйырмадан азыраак болсо балдардын кабыл алуу чөйрөсү тарып калат, 20  ашык болсо мугалим үчүн көп.  Мектептин дагы бир өзгөчөлүгү – толук күндөгүсү. Балдар эртең менен 8.00до келишет. Даярдоо классынан баштап 11-класска чейин 15 минута физзарядка жасашат. Анан 8.15 класстарга кирип, 15 минута китеп окушат. Мунун эң негизги максаты – балдарды китеп окууга кызыктыруу. Экинчиси, ЖРТга тапшырганда балдардын көпчүлүгү түшүнүү жана окуу бөлүмүнө келгенде көп кыйналышат экен.

— Текстти окуп, жакын баарлашпагандан тексттин маанисин түшүнүп, анализдегенге жетишпей калып атышат. Ошондуктан биз башталгыч класстан баштап эле 15 минуталык китеп окууну киргизгенбиз. Китеп окуунун маданияты, максаты бар. Ошолорду кичинеден калыптандыруу менен 11-класска чейин  китеп окуу маданияты калыптанат.  Мындан башка дагы бул китеп окууну жөн эле мода кылып киргизген жокпуз. Ата-энелер чогулушунда баарына эскерткем, балдарды жөн гана китеп окугула дебестен, «үгүттөөгө караганда үлгү көбүрөөк» таасир этет. Өзүңөр үлгүлүү болуп, жумасына үч жолу китеп окуп, кызыктыргыла, чай үстүндө окуган китебиңерди талкуулагыла дедим. Китеби жок үй терезеси жок бөлмөгө окшош, — дейт директор айым.

Ошентип сабак 8.30-13.30 чейин созулат. Ортодо таңкы тамактануусу бар экен. Мектепте балдар үч маал тамактанышат. Түшкө чейин сабак окушат, түштөн кийин үй кийимдерин кийип алып, үй тапшырмасын аткарышат. Үй тапшырмасын аткарганда дагы билими терең окуучулар менен өзүнчө мугалим эмгектенип, деңгээли жогорураак тапшырмалар менен камсыз кылат, ал эми коррекциялык жумуштарды өзүнчө мугалим жүргүзөт. Антпесе 20 балага бирдей деңгээлде тапшырманы берүү максатсыз болуп калат. Үй тапшырманы аткарууда  балдарды топторго бөлүп иштетүү апробацияланып жатыптыр. Үй тапшырмасын 15.30 га чейин аткарышат. Ал эми 15.30-17.30 чейин ийримдер иштейт: бий, комуз, шахмат, сүйлөмө англис тили, логика+математика. Башталгыч класстын балдары ийримдерди тандашпайт, ал эми  5-класстан жогоркулар өз дареметине, өнөрүнө, шыгына жараша ийримдерге катышат. Комуз менен шахмат милдеттүү түрдө расписаниеге киргизилген.  Арт-студияда живопись, сүрөт тартуу, бисер, вокал бар. Ошентип бул мектептин өзгөчөлүгү: толук күндүгүндө, үй тапшырмасын аткаргандыгында, үч маал тамактангандыгында, ийримдерге милдеттүү түрдө катышкандыгында.

Төрт компоненттин негизинде мугалим устатка айланат

— Менин максатым – бизнес жасоо эмес. Эгерде андай болгондо мугалимдерге мынчалык каражат төлөбөйт элем. Кыялымда  мугалимдердин баары 40-50 миң сомго чейин алып, каалаган машиналарын сатып алып, каалаган жерлерге эс алганга мүмкүнчүлүк алышса дейм. Биринчи жолу быйыл төрт жаш адисти жамааттын чечими менен  эки күндүк эс алууга Ташкентке жибердик. Ушундай нерселер мугалимдерге чоң шыктанууну жаратат.  Мугалимдер мектепке сүйүнүп келип, сүйүнүп чыгып турса. Балдардын билимин жогорулатуу үчүн педагогдун устаттыгы керек болот. Устаттыктын негизги компоненти профессионалдык билим болуш керек, — дейт Г.Дайырбекова.

Биринчи, мугалим өзүнүн предметин терең билүүсү зарыл, экинчи, окутуунун методикасын, үчүнчү, психологияны, төртүнчү, педагогикалык такт, этиканы билиши керек. Ушул төрт компонент кошулганда гана мугалим устат болот. Канча жакшы мугалим жашаса, ошончо жакшы метод бар дейт тажрыйбалуу жетекчи. Демек, ар бир мугалимдин эч бир кайталангыс, уникалдуу ыкмалары бар. Ошого эле кошо жалпы салттуу, заманбап технологияларды колдонгон учурлары кездешпесе болбойт.

Мектеп жетекчиси мугалимдеринин деңгээлин көрүп, аларды андан ары өстүрүү үчүн жумасына бир жолу методикалык семинарды уюштуруп турат.

Мамлекеттик стандартка жаңы муундагы стандарт ишке киргенине кызыкдар, аны билген мугалимдер гана ушул мектепте иштешет. Мугалимдердин баары мультимедиялык технологиялар менен иштешет, аларды ар бир сабакта колдонушат. Заманбап технологиядан артта калбай, предметник мугалимдер  өздөрү анимациялык слайддар менен презентацияларды даярдашат.

Өзгөчөлөнгөн курс  

“Креатив-Таалим» мектебинин алдында мектеп директору командасы менен мугалимдердин дасыктык чеберчилигин жогорулатуучу кыска мөөнөттөгү окуу курсун да уюштуруп турат. Жакында эле региондордон келген 47 мугалим билимдерин жогорулатышты.  Бул курс  Кыргызстанда аналогиясы жок билим жана тарбия берүүнүн  үч негизги багыты боюнча  маселелерди камтыгандыгы менен өзгөчөлөндү.  Гүлнара Дайырбекованын кыялында курс ачып, жок дегенде ал 20 мугалимди даярдаса, алар жеринде барып 40 мыкты окуучуларды таптап, ЖРТга даярдашса өлкөгө кандайдыр бир пайдасы тиет эле.

КҮЧТҮҮ КОМАНДА – КҮЧТҮҮ МЕКТЕП

«Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагындагы бул саамалык көпчүлүк агартуу тармагындагы кызматкерлерди зор кубанычка бөлөдү. Анткени кыргыз тилинде билим берүүчү окуу мекемелеринин кызматкерлери учурда билим берүүдөгү жаралган көптөгөн көйгөйлөргө кабылуу менен, аларды чечүүнүн жолун издөөдө.

Окуучулардын билим сапатын өстүрүү — учурдун талабы. Андыктан заманбап окутуунун технологиялары бүгүнкү өзгөрүп жаткан коомдо мугалимдер үчүн аба менен суудай керек. Андыктан региондордон келген мугалимдер үчүн «Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинде өтүлүп жаткан курс  Кыргызстанда аналогиясы жок билим жана тарбия берүүнүн  үч негизги багыты боюнча  маселелерди камтыгандыгы менен өзгөчөлөндү.     Учурда мектеп, ата-эне жана коомдун биргелешкен өз ара  кызматташуусу болмоюн, жакшы натыйжанын  болбостугу баарына маалым эмеспи.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими  Гүлнара Дайырбекованын айтымында, кыска мөөнөттөгү курстун максаты — Бишкек шаарындагы жана региондон келген мугалимдерге методикалык жактан жардам берүү, тажрыйба алмашуу болуп саналат.

— Бул курстун өзгөчөлүгү эмнеде? Эң негизгиси, балдарга терең билим, татыктуу таалим-тарбия бериш үчүн, курсту үч багытта уюштурганга аракет кылдык. Академик  Исак Бекбоев «Баарыдан мурда мугалим өзү окутуп жаткан илимди-ал илимдин тарыхын, азыркы абалын, проблемаларын, өсүү перспективаларын, изилдөө методдорун жакшы билүүгө тийиш»  деп белгилегендей  биринчи күнү – азыркы абалга шайкеш окутууну шарттаган билим берүүнүн заманбап технологияларынан ден соолукту сактоо, мультимедиалык жана проекттик технологиялардын өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары тууралуу айтылып, тажрыйбабызда колдонулуп жүргөн мисалдар көрсөтүлдү. Андан сырткары, азыркы учурда окутуу процессинде көп кездешкен терминдердин бири болгон рефлексия боюнча маалыматтар берилди. Рефлексия деген эмне? Аны сабактын кайсы этабында колдонсо болот?  Рефлексияны жүргүзүүнүн кандай түрлөрү бар экендигин жана аны кантип жүргүзүүгө болоору тууралуу айтылып, конкреттүү ыкмалар көрсөтүлдү. Окуучуларды сабакка кызыктыруунун ыкмалары боюнча да маалымат берилди. Ошондой эле мугалимдер үчүн сабакка анализ берүүнүн бир нече формасы да сунушталды. Щвейцариялык атактуу педагог жана агартуучу Г.Песталоцци  «Мугалимдин  теориялык билими туман болсо,анда окуучуларынын билими караңгы болот» деп белгилегендей  экинчи – күнү келген мугалимдер ар кимиси өзү окуткан предмети  боюнча  биздин комплекстин мугалимдери менен  айрым көйгөйлүү суроолорду талкуулашышты жана предметтер боюнча 12 мугалим мастер-класстарды өткөрүштү. Үчүнчү күнгө тарбия маселесине байланышкан маселелер тууралуу маалымат берүү пландашылган. «Адамды интеллектуалдык жактан тарбиялап, бирок нравалык жактан тарбиялабай коюу коомго чоң коркунуч туудурат» деп бекеринен айтылбаса керек.  Ошондуктан курсту уюштурган негизги максатымдын бири  — балага билим берүү менен кошо аны тарбиялоо боюнча да тажрыйба бөлүшүү болчу. Алгач  формалдуу эле тарбиялык планды түзбөстөн чыныгы пайдалуу, натыйжалуу жана реалдуу ишке ашырууга мүмкүн болгон тарбиялык иштерди жүргүзүү үчүн  планды кантип түзсө болот деген суроодон баштадым. Албетте, атайын рецепт бере албайм, анткени ар бир мугалимдин өзүнүн мүмкүнчүлүгү, көз карашы, интеллектуалдык деңгээли, методикалык даярдыгы, кайсы мектепте иштеп жатканы, шартына  жараша түзсө болот, мен болгону тажрыйбамдан гана бөлүшүп жатам, — дейт Г.Дайырбекова.

Ырас, Кыргызстанда мугалимдердин билимин жогорулатуучу курстар көп.   Алар бири-биринен алдыга койгон максатына, күтүлүүчү натыйжаларына, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өтүп келе жатат.

“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинде өткөн курстун өзгөчөлүгү – жалпы методика, жеке методика жана тарбия иштерин  айкалыштырып, кыска мөөнөттүү, маалымат алуу курсу болгону менен айырмаланат. Бул курска жалпы жонунан 47 угуучу келди. Курстун баасы 1500 сомду  түздү. Мунун ичине мугалимдердин үч маал тамактануусу, керектүү материалдар менен камсыз болуусу кирди. 47 угуучунун ичинен 14 ү маалыматтык технологияга келсе, 33ү жалпы методика, жеке методика боюнча билимдерин өркүндөтүштү.

Ата-эне менен иштөө ыкмасы

Курстун уюштуруучусу ата-энелер менен иштөөнүн жолдорун да угуучуларга көрсөттү. Көрсө, Гүлнара Дайырбекова 30 жыл мектепте математика мугалими болуп иштеп, ушул жылдар ичинде үзгүлтүксүз класс жетекчилик кызматты аркалаган экен. Ал буга чейин бешинчи муунду тарбиялап чыгарган дасыккан мугалим. Ошондуктан ата-энелер менен кызматташууда биргелешкен, максаттуу иштерди жүргүзүү керектигин, зарылдыгына жараша  аларга бала тарбиялоо боюнча психологиялык-педагогикалык кеңештерди уюштуруу  зарыл экенине басым жасады. Анткени ал мындай иштерди өз жонунан өткөргөн. Угуучуларга ата-энелер чогулушунун сценарийин да көрсөтүп берди. Гүлнара Дайырбекова ата-энелер, мугалимдер  үчүн дагы күндөлүк иштеп чыккан.

— Формалдуу нерсени жоюу үчүн ата-энелерге  күндөлүк ачкан элем.  Анын ичинде баланын жетишкендиктери, сабакты өздөштүрүүсү, тартип-таалим жөнүндө мугалим предметниктердин пикири жазылган.  Мунун үстүнөн иштегениме он жыл болду. Мен өз казанымда кайнап, эч кимге ишимди сунуштабагандардын категориясына кирем. Балдар окууну бүтүп атканда ата-энелерге тапшырабыз. Ата-эненин күндөлүгүндө болсо алар  ага пикирлерин чогулуштан кийин жазат. Андан соң пикирин, жообун мугалим жазып коет, — дейт мектеп директору.

Бала 11-классты бүтүп атканда күндөлүгүн бергенде анын 7-класста жасаган кылык-жоруктары, жакшы жагы, ийгилиги жөнүндө  ж.б.у.с. көп нерселерди окуп, эмнени туура, эмнени туура эмес кылганына анализ жасайт. Окуучунун күндөлүгү анын жан дүйнөсүн таанып, билүүгө арналат. Күндөлүктү түзүүгө окуучу кыз түрткү болгон экен.

—          7-класста сабак берип атсам бир кыздын маанайы чөгүп отурат.  Мен болбой эле математиканы сурап атам. Сабактан кийин чакырып: “Тахмина, маанайың эмне үчүн суз?” —  деп сурасам, көрсө ал өгөй атасы менен жашачу экен. Кечинде аны атасы үбөлүк менен сабаптыр. Анан  кыз өзү колун кесиптир. Ал ыйлап айтып берип атса, мен өзүмдүн жан дүйнөм ушундай жарды экенин сездим. Окуучунун жан дүйнөсүндөгү кыйналууну сезбей эле, аны каяктагы математиканы сурап атам. Ошондо кой бир күндөлүк ачып, окуучулар менен сүйлөшөйүнчү деген ой келген. Ушул күндөлүктү ачканыма 10 жылдай болуп кетти. Окуучунун кызыктуу же кайгылуу күндөрү болсо ошол күндөлүккө окуучу жазат, кат жазгандай. Ошондон кийин балдарды башкача көз менен карай баштадым. Азыр математикадан мурун биринчи кезекте окуучунун жан дүйнөсү мага маанилүү, — дейт тажрыйбалуу мугалим.

            Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

“Материал КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Европа Бирлигинин “Мугалим-Кесиби” сынагынын алкагында”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер