ИШКЕР БОЛГУСУ КЕЛГЕН ЖАШТАР ҮЧҮН КУРС

  • 15.03.2023
  • 0

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун «Бизнес инкубаторунда» GIZ долбоорунун алкагындагы «Ишкердүүлүктү баштагандар үчүн» даярдоо курсу старт алды.

Долбоор ишкердик менен алектенип, өздөрүнүн бизнес долбоорун жазып жана инвесторлорго, донорлорго алып чыгууну көздөгөн жумушсуз жаштарга, кыз-келиндерге арналат.

ИШКЕР БОЛГУСУ КЕЛГЕН ЖАШТАР ҮЧҮН КУРС

Катышуучулар бизнес долбоор түзүүнү, санариптик платформаларды колдонууну, өз продукциясын жарнамалоону, санарип финансылык колдонмолорду жана ишкердик кылууда маалымат технологияларды колдонууну үйрөнүшөт.

Бир айлык курстун алкагында угуучулар бизнес долбоорду иштеп чыгуу жана презентациялоо көндүмдөрүнө ээ болуп чыгат.

Долбоордун жыйынтыгында угуучулар өз бизнес долбоорлорун донорлорго, өнүктүрүү фондуларына, финансылык институттарына, мамлекеттик жана башка кызыктар тараптарга сунуштай алат. Кызыктуу долбоорлор каржылоого жана GIZ долбоорунун сертификатына ээ болушат.

ИШКЕР БОЛГУСУ КЕЛГЕН ЖАШТАР ҮЧҮН КУРС

Эскерте кетсек, бул GIZ долбоорунун, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жана Каракол шаардык иш менен камсыздоо борборунун катышуусунда ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер