ИНДИЯГА АЛТЫ СТИПЕНДИЯЛЫК ОРУН

  • 04.02.2019
  • 0

 

Индиянын маданият байланыштар боюнча Кеңешмеси (ICCR), (GSS) программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 2019-2020-окуу жылына 6 стипендиялык орун сунуштайт

Талапкерлер, ICCR тарабынан иштелип чыккан www.a2ascholarships.iccr.gov.in стипендиялык порталына арыз калтыруу үчүн онлайн каттодон өтүүсү зарыл. Ушул эле порталда платформага  жүктөлө турган  документтердин тизмеси, университеттердин тизмеси  жана каржы шарттары боюнча толук маалымат жайгаштырылган.

Талапкерлер документтерин толтурулган арызы менен бирге Кыргыз Республикасындагы Индия Республикасынын Элчилигине төмөнкү дареги боюнча: Бишкек ш., Махатма Ганди көч., 100-А, 2019-жылдын 15-февралына чейин тапшырууга зарыл.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер