ИЛИМ ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ ДАРКАН ИНСАН

  • 06.03.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын  билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, окумуштуу

Акматбек Осмоналиев 80 жашта 

ИЛИМ ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ ДАРКАН ИНСАН

Устатыбызга урмат кылабыз

Биз, кесиптештери, Акматбек Осмоналиевичти  эң жакшы  адам деп айтаар элек. Анткени Акматбек Осмоналиевич менен көп жылдардан бери бир кесипте иштешип келе жатабыз. Ошондуктан Акматбек агайга кандай мүнөздөмө бербейли, бардык жактан татыктуу орунду ээлейт.  Ал көптөгөн жылдар бою экономика багытындагы ар түрдүү кафедраларды жетектеп, жаш илимпоздорду жана мугалимдерди өстүрүү менен алектенип, көп күч кубатын сарптады.

Акматбек Осмоналиевич жүздөгөн илимий макалалардын жана окуу китептеринин автору. Анын экономикалык теория, макроэкономика сабактары боюнча мамлекеттик тилдеги окуу китептери өзгөчө мааниге ээ.

Акматбек агайга адам баласына тиешелүү болгон көптөгөн жакшы сапаттар таандык. Ал акылман, насаатчы, жөнөкөй жетекчи,  үлгүлүү мугалим, сүйүктүү кесиптеш жана камкор ата.

Билим берүү менен эле чектелбестен илим жаатында да натыйжалуу эмгектенди. Студенттерди жан дили менен окутту.  Азыркы учурда да өсүп келе жаткан жаш муун окутуучуларга кесиптеш катары акыл, кеңештерин берип, жетекчи катары зор салымын кошуп келе жатат.

Акматбек Осмоналиевичтин элге кылган эмгеги татыктуу бааланды. Ал мамлекеттик жана коомдук ар түрдүү деңгээлдеги көптөгөн сыйлыктардын ээси.

Акматбек агай   кесиптештеринин жана студенттердин арасында дайыма сый урматка, чоң кадыр баркка ээ. Агай өзү да ар дайым адамга  эң жылуу мамиле жасап, устаттык нарк насилин бийик тутат.

Акматбек Осмоналиевич, 80 жаш кутман курагыңыз кут болсун! Биздин кааларыбыз  бекем ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат. Талыкпай эмгектенип, биздин катарыбызды дайыма толуктап туруңуз.  Бар болуңуз!

Сизди терең урматтоо менен кесиптештериңиз!

Чейрек кылымдан ашык өмүрүн студенттерге, илимге арнап, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жаткан ары педагог, ары окумуштуу, устат  Акматбек Осмоналиев 1940-жылдын 8-мартында Жалал-Абад  областынын Базар-Коргон районунун Акман айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Мырзабаев Осмоналы көп жылдар бою суу чарбасында участкалык гидротехник кызматында үзүрлүү эмгектенген. Ал 1947-жылы Акман жети жылдык мектебинин эшигин аттап, 1954-жылы бүтүп, андан ары Базар-Коргондогу  №1 орто мектебинде улантып, аны 1957-жылы аяктайт. Ошол эле жылы Фрунзедеги бухгалтердик техникумуна кирип, 1959-жылы артыкчылык диплому менен бүтөт.

Айылдан келген чыйраак жигит билимин андан ары өркүндөтүү максатында 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетинин кечки бөлүмүнө тапшырып, аны 1965-жылы артыкчылык диплому менен аяктайт. Ошол эле мезгилде Кыргыз ССР айыл-чарба министрлигинде  улук экономист болуп кызмат өтөйт.

Ал 1966-1969-жылдары Ленинград мамлекеттик университетинин экономикалык факультетинде аспирантурада окуп, ”жерди мелиорациялоого кеткен капиталдык салымдардын натыйжалуулугу” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

Илимде ийгилик жараткан жаш окумуштуу 1970-жылдан 1992-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик университетинин “Саясий экономия” кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент болуп иштейт.

Өз милдетин так, илгиртпей аткарган ак жүрөк окутуучуга 1976-жылы доцент деген илимий наам ыйгарылган. Ал бул окуу жайда  кыргыздын мыкты экономист адистерин даярдоодо чоң салымын кошо алды. Бүгүнкү күндө агайдын колунан тарбия көргөн адистер өлкөбүздүн түрдүү тармагында ийгиликтүү иштеп келе жатышат.

Андан бери канча суу акты. Агай 1992-жылдан КМЮА түзүлгөнгө чейин Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономикалык жана юридикалык кадрларды кайра даярдоо институтунда (ИППКК) “Экономика жана ишкердүүлүк” кафедрасын жетектеди. Андан соң, 1995-1996-окуу жылдарында аталган институттун Түштүк борборунда (Ош шаары) директор болуп кызмат аткарды.

Кийин 2003-жылы ИППКнын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз өкмөтүнүн алдында Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы “Экономика жана салык салуу” кафедрасы ачылып, аны А.Осмоналиев 2010-жылга чейин жетектеген. Азыркы учурда аталган кафедранын профессору болуп эмгектенет.

А.Осмоналиев “Экономикалык теория” курсу боюнча лекцияны жогорку теоретикалык жана методикалык деңгээлде окуйт. Анын лекциялары теориялык тереңдиги менен айырмаланып турат. Окумуштуу экономикалык илимдердин акыркы жетишкендиктерин Кыргыз Республикасынын экономикалык проблемалары менен айкалыштырып берет. Бул студенттердин адистикке ээ болууда практикалык ишине жакшы таасирин береринде шек жок. Ошондуктан агайдын лекцияларын студенттер ар дайым зор кызыгуу менен угушат.

Акматбек Осмоналиев илим изилдөө, илимий кадрларды даярдоо жаатында  да активдүү катышат. Учурда төрт экономикалык  илимдеринин  кандидаттык наамын изденүүчүлөргө илимий жетекчи.

А.Осмоналиев ошону менен катар рынок шартында жаратылышты рационалдуу пайдалануу проблемасын изилдеп келет. Ушул изилдөөнүн негизинде “жерди мелиорациялоого кеткен капиталдык салымдардын натыйжалуулугу” аттуу монографиясы жарык көргөн. А.Осмоналиев 18 жыл кафедра башында болуп, көптөгөн илимий-педагогикалык кадрларды даярдап чыгарган.

Акматбек Осмоналиев эки миңинчи жылдардын башында Юридикалык Академиянын ачылышы өз убагында кабыл алынган чечим болгондугун белгилейт. Ошол мезгилде Республикада экономикалык жана юридикалык кадрларды даярдоо көбүнчө ондогон коммерциялык мүнөздөгү жогорку окуу жайларынын кызыкчылыгында адис даярдабай эле, акча топтоо булагына айланып кеткен учур болчу. Алардын талапка жооп бере турган компетенттүү кадрлары, материалдык-техникалык базасы жок эле.

Каарманыбыз КМЮАга Канатбек Керезбеков ректор болуп келгенде Юридикалык Академия жогорку деңгээлге жетип, республикадагы ЖОЖдордун  ортосунда алдыңкы орунду ээлеп калды деп баса белгилеп калат. Акыйкатта ошондогу туура чечимдер аталган окуу жайдын азыркы чоң ийгиликтерине жетишине түрткү берип олтурат.

Акматбек Осмоналиев агай  окуу-методикалык иштерине да чоң көңүл бурат. Окутуучулук менен катар 100дон ашык илимий, окуу-методикалык иштерди даярдап, жарыкка чыгарды. Алардын негиздүүлөрү төмөндөгүлөр:

”Теория рыночной экономики”. ЖОЖдун студенттери үчүн окуу куралы. Бишкек, 1993-ж. (авторлор менен); 2. ”Рынок экономикасынын теориясы”. Окуу куралы (кыргыз тилинде) Бишкек, 1994-ж. 1-бөлүк (авторлору менен); 3. ”Рынок экономикасынын теориясы”. Окуу куралы (кыргыз тилинде) Бишкек , 1994-ж. 2-бөлүк (авторлор менен); 4. А.Осмоналиев. ”Основы рыночной экономики” лекциялардын курсу. Бишкек. 1995-ж. 1-бөлүк; 5. А.Осмоналиев. ”Основы рыночной экономики”. Лекциялардын курсу. Бишкек, 1995-ж.  2-бөлүк; 6. ”Экономическая теория”окуу китеби. КР Билим берүү жана маданият министрлиги сунуштайт, Бишкек 1995-ж. 1-2-бөлүктөрү (авторлор менен) 7. ”Экология и рациональная природопользование”. ЖОЖдун студенттери үчүн окуу куралы. Бишкек, 1997-ж.  200 бет (авторлор менен); 8. А.Осмоналиев. ”Основы экологии”. Окуу методикалык комплекс. ИППКК КНУ. Бишкек, 2000-ж; 9. А.Осмоналиев. ”Экономика природопользования“. Окуу-методикалык комплекс. ИППКК КГНУ.Бишкек, 2000-ж. 10. ”Разработка управленческих решений”. Окуу куралы. Бишкек, 2000-ж. (авторлор менен); 11. А.Осмоналиев. “Экономическая теория”.  (КР билим берүү жана маданият министрлиги ЖОЖдун студенттерине окуу куралы катары сунуштайт). Бишкек, 2001-ж; 12. ”Экономикалык теория”. Окуу китеби. (КР билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдун студенттерине сунуштайт). Мамлекеттик тилде. (авторлор менен). Бишкек,  2011-ж; 13. А.Осмоналиев. “Макроэкономика”. Окуу китеби. (КР билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдун студенттерине сунуштайт). Мамлекеттик тилде. Бишкек, 2015-2016-жыл.

Агайдын көп жылдык эмгеги көз жаздымда калган жок.

Окумуштуу Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон чоң салымы үчүн КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын  Ардак грамотасын алган.  1993-жылы “Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланган. Ал эми 2007-жылы билим берүүдөгү  көп жылдык эмгеги үчүн  Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 2008-жылы КМЮАнын Ардактуу профессору медалына, 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине 50 жылдыгына карата эстелик медалына ээ болот.

Акматбек Осмоналиевге 2018-жылы ”Кыргыз Республикасынын  билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы ыйгарылган. 2018- жылы КРнын  “Даанышман инсандар” коомдук фондусунун  сыйлыгын алат.  А.Осмоналиевдин официалдуу эмгек стажы 63 жыл, анын ичинен 50 жылы ЖОЖдо окутуучулук иши менен алектенген. Агай азыр да күн тынымын албай окутуу, изилдөө иштери менен алек. Жаштарга айтар акыл кеби оозунан түшпөгөн, өмүрү үлгү, илим дыйканы Акматбек агай үй бүлөдө да камкор ата, бактылуу чоң ата болуп, бир айыл урпактарын ээрчите басса өзүнчө багбан, бай түп дарактай көрүнөт. Учурда Акматбек Осмоналиев үч уулдун, эки кыздын, 11 неберенин, 2 чеберенин атасы, чоң атасы. А.Осмоналиевдин чоң уулу Алмазбек Осмоналиев азыркы учурда статистикалык изилдөө институтунун директору болуп иштейт. Экинчи уулу Булат жана кичүү уулу Каныбек ишкерлик менен алектенишет. Улуу кызы Гүлжан орто мектепте англис тилинен мугалим, кичүү кызы Чолпон КР Улуттук банкынын кызматкери. Аларды татыктуу тарбиялоодо агайдын эмгеги зор.

Ошентип Акматбек агайыбыз дөөлөттүү карылык кечирип, иштин да майын чыгарып турган кези. Сизге өмүрдүн узагын, ден соолуктун бекемдигин тилейбиз.

Кыргыз  мамлекеттик юридикалык университетинин
профессордук-окутуучулук курамы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер