ИИУ КЭУ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ДҮЙНӨЛҮК ҮНҮНӨ ДҮБҮРТҮН КОШУУДА

  • 16.01.2023
  • 0

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Илимий Изилдөө Университетинин (ИИУ КЭУ) ректору, Алмаз Токтобекович Кадыралиев Кыргызстандан алгачкылардан болуп Эл аралык университет президенттеринин ассоциациясына(IAUP) мүчө болду.

ИИУ КЭУ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ДҮЙНӨЛҮК ҮНҮНӨ ДҮБҮРТҮН КОШУУДА

Бул ассоциацияга 70тен ашык өлкөдөн университеттердин ректорлору, президенттери жана вице-президенттери кирет. 1965-жылы негизделген ассоциация интернационалдык тарбияны бекемдөөгө багытталып, анын негизги миссиясын билим берүү аркылуу тынчтыкты жана эл аралык өз ара түшүнүшүүнү илгерилетүү түзөт.

Ассоциация уникалдуу эл аралык платформа, анын алкагында кесиптик тажрыйба алмашуу каралган. Ошондой эле IAUP БУУга “Академиялык таасир” программасын ишке ашырууга көмөктөшкөн башкы бирикме.

Университет президенттеринин эл аралык ассоциациясы жыл сайын күзүндө өткөрүлүүчү Дүйнөлүк инновациялар саммитин уюштурууда “Катар Фондунун” башкы өнөктөшү катары иш алып барат. IAUP жогорку билим берүүнүн дүйнөлүк үнү.

Алмаз Токтобековичти абройлуу бирикмеге кириши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!

ИИУ КЭУ ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ДҮЙНӨЛҮК ҮНҮНӨ ДҮБҮРТҮН КОШУУДА

Бөлүшүү

Комментарийлер