ХХI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ АНЫКТАЛДЫ

  • 22.05.2018
  • 0

14-майда Ош шаарында башталган «БИЗ – ХХI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫБЫЗ» аттуу эл аралык сынак 17-майда Ош драмалык театрында жыйынтыкталды.

ХХI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Сынакты “Алтын түйүн” балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы Билим берүү жана илим министрлиги, КР Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен биргеликте өткөрүп, ага Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жети дубанынан 300дөн ашуун окуучу катышты. Кыргызстанда 21-жолу өткөрүлүп жаткан иш-чарага бул жолу жогорку окуу жайлардын 1-2-курсунун студенттери дагы кошулду. Алардын эмгектери окуучулардан бөлүнүп каралды.

Иш-чаранын ачылыш салтанаты 15-майда Ош драмалык театрында өттү. Ага билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, КР өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Батырканова Сияпат, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саипжан Эркинбаев, Ош шаарынын агартуу тармагы жана жетекчилери катышты.

Ачылыш салтанатта сынактын бардык катышуучуларына ийгилик каалаган билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков бул жаш ойлоп табуучулар келечекте Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө негизги интеллектуал катары кызмат кылат деген терең ишеничте экендигин билдирди.

— Биздин окуучуларыбыз ушинтип жаш кезинен баштап чыгармачылык менен алектенсе, мамлекетибиздин келечеги кең болоруна ишенебиз. Ошондуктан эл аралык сынакка катышып жаткан биздин жаш досторубузга ийгилик каалайм. Конкурска жакынкы чет мамлекеттерден командалардын келгени дагы бизди өзгөчө кубандырып жатат. Ушул сынакта мыктылардын мыктылары тандалат деп ойлойбуз. Ал эми бул конкурстун жеңүүчүлөрү мындан дагы чоң, дүйнөлүк сынактарга катышууга жетишсин, ушундай ойлоп табуулары менен Кыргызстанды өнүктүрсүн жана биздин мамлекетти дүйнөгө таанытсын, — дейт Кудайберди Гапаралиевич.

Иш-чаранын ачылыш салтанатында алгач жаш ойлоп табуучулардын иштеринин көргөзмөсү уюштурулду. Андан соң Ош шаарынын чыгармачыл жаштары ынтымакка, биримдикке чакырган ыр-бийлерди аткарышып, келген конокторго концерттик программа тартуулашты.

 

Компетенттүү калыстар тобу

ХХI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Катышуучулардын эмгектерин КР УИАнын корреспондент-мүчөлөрүнөн, көрүнүктүү окумуштуулардан, жогорку окуу жайлардын окутуучуларынан, ойлоп табуучулардан, академиктерден турган компетенттүү калыстар тобу баалады. Долбоорлорду баалоо жана жеңүүчүлөрдү аныктоодо идеялардын жаңычылдыгына, теориялык жактан негизделишине, рационализациянын, ойлоп табуучулуктун элементтеринин болуусуна жана алардын практикалык жактан колдонулушуна өзгөчө көңүл бурулду.

— Чындыгында мыкты долбоорлорду алып келишиптир. Алардын эмгегин баалоо биз үчүн абдан кыйын болду. Калыстар тобу талашып-тартышып, кеңешип-кептешип жатып объективдүү жыйынтык чыгарганга аракет кылдык. Биз эки күндө жаңы технологияларды көрүп, жаңы идеяларга күбө болдук. Биздин балдардын таланттуу экендигине дагы бир жолу күбө болдук. Балдардын талантын ачканга ушундай иш-чаралар бизге абдан керек. Анткени ушул балдардын ичинен келечектеги илимдин докторлору, академиктер, Нобель сыйлыгын ээлери чыгат деп ишенебиз, — дейт калыстар тобунун төрагасы, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, техника илимдеринин доктору  Кожогулов Камчыбек.

 

250дөн ашык долбоор жакталды

ХХI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Долбоорлорду жактоо күндүн экинчи жарымында Ош технологиялык университетинде башталып, ал эки күнгө созулду. Анда сегиз номинация боюнча 250дөн ашык изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоорлор, экспонаттар жана колдонуудагы моделдер жакталды. Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер номинациясы курулуш жана транспорттун жаш техниктери, агро өнөр жай комплексинин жаш техниктери жана өнөр жайдын жаш техниктери деген үч секцияда иш алып барды. Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар; энергия жана энергосарамжалдоочу технологиялар; маалыматтык-технологиялар жана программалоо; робототехника жана автоматташтырылган технологиялар; интеграция; авиамоделизм номинацияларында дагы ойлоп табуучулар мыкты долбоорлорду сунушташты. Алардын көбүнчөсү электр энергиясын үнөмдөөчү, экологияны коргоочу, айыл чарба техникаларды, нефти жана аны кайра иштетүүчү комплекстерди, элге кызмат кылуучу роботторду, түрдүү учактарды ойлоп табышкан. Мисалы, Астанадан келген Серикулы Жапсен менен Тилеугалиев Арыстанбек мектептерде электр энергиясын 30-40% чейин үнөмдөөчү техниканы ойлоп табышкан. Балдардын бул долбоору ишке аша турган болсо өздөрү окуган мектеп күн батарейкасы аркылуу жарык менен камсыздалып, мектептин айланасы кечкисин өзү күйүп, эртең менен өзү өчүп турат. Мектептин ичи дагы желдеткич менен желдетилип турат. Бул долбоорду иштеп чыгуу үчүн окуучулар алты айлык убактысын сарптаган.

ХХI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Майлуу-Суу шаарчасынан келген Таалайбек уулу Нуртилек аэропортто кызмат кыла турган жардамчы роботту ойлоп тапкан.  Анын кагаз картондон, эски DVDнин тетиктеринен жасалган роботу аккумулятор менен иштейт. Ал жүргүнчүлөрдүн оор жүктөрүн жана оорулуу адамдарды ташыйт. Ал эми нарындыктар тоодо тигилип турган боз үйдү аралыктан уюлдук  телефон менен башкаруу долбоорун алып келишкен. Долбоордо боз үйдүн ичинде жасала турган иштерди аралыктан туруп башкаруу ишке ашырылган. Мисалы, боз үйдүн эшиги жабылбай калса аралыктан туруп уюлдук телефон аркылуу жабуу, же болбосо сабаа бышкан убакта телефонго белги берүү  сыяктуу кызматтарды телефон аркылуу аткарууга болот.

— Бул эл аралык конкурс жөн гана чыгармачыл долбоорлор жана ойлоп табуучулук идеялар үчүн жашоого уникалдуу жолдомо эле эмес, жаш конструкторлор жана ойлоп табуучулар үчүн Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүүсүнө өздөрүнүн идеялык салымын кошуусуна берилүүчү эң сонун мүмкүнчүлүк. Ошондуктан биз дагы бир жолу илимде жана техникада кандай жетишкендиктер болуп жатканына күбө болуу үчүн чогулуп отурабыз. Бүгүнкү сынак биздин балдарга техникалык жактан чыгармачылыгын өркүндөтүүгө жакшы жардам берет. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата быйылкы сынакты Ош шаарында өткөрүп жатабыз. Санкт-Петербург, Астана, Алмата, Актау, Ташкент, Андижан, Ферганадан бери катышуучулардын келиши, албетте, бизди кубандырбай койбойт.  Азыр Кыргызстан үчүн өнөр жайды өнүктүрүүчү долбоорлор абдан зарыл болуп турат. Ушундай техникага умтулган балдардын эмгектерин карап чыгып, керектүүсүн ишке ашырса абдан жакшы натыйжа бермек. Бирок, тилекке каршы, бизде андай болбой жатат. “Бала да” деп көп көңүл бурбай жатышат. Бул жагынан Россиядан өрнөк алсак болот. Алар кичинекей балдардын ушундай эмгектерин чогултуп, ишкерлерге сунушташат. Мыктыларын ишке ашырышат. Бизге дагы ушундай мамиле керек. Биз болсо минтип балдарга колубуздан келишинче мүмкүнчүлүк түзүп берип жатканыбыз менен, тилекке каршы, алардын идеясын колдогондор, ишке ашыргандар жок болуп жатат. Анан акылдуу, таланттуу балдардын көбү чет мамлекеттерге кетип калышууда. Сынакты жогорку деңгээлде өткөрүп алууга Ош облусунун, Ош шаарынын жетекчилиги жана Ош техникалык университети көмөктөшүп, бизге чоң колдоо көрсөтүштү. Ошондуктан аларга терең ыраазчылык билдиребиз. Алар бизге жогорку шартты түзүп беришти, — дейт “Алтын түйүн” балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова.

 

Текке кетпеген мүнөттөр

ОшТУ менен ОГПИнин жатаканаларына жайгашкан окуучулар күндүзү өз долбоорлорун жакташса, кечинде алар үчүн ар кандай оюн-зооктор, кароо-сынактар уюштурулду. 16-майда долбоорлор жакталып бүткөндөн кийин катышуучулар үчүн “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-архитектуралык музей комплексине экскурсияга чыгышып, шаардын маданий борборлору менен таанышышты. Андан соң салтанаттуу кечки тамак болуп, анда “Даңк мүнөтү” кечеси өткөрүлдү. Анда окуучулар өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашып, командаларынын ар-намысын коргошту. Акырында катышуучулар үчүн дискотека уюштурулуп, асман чырактары учурулуп, достуктун, биримдиктин, ынтымактын тилектери айтылды.

 

“Алтын түйүнгө” рахмат!

Коңшу мамлекеттерден, республиканын жети дубанын келген коноктордун бардыгы “Алтын түйүн” академиясына жана анын жетекчилигине терең ыраазычылыктарын билдиришти. Анткени академия, биринчиден, балдардын чыгармачылыгын, ойлоп табуу мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жардам берсе, экинчиден, катышуучулардын көпчүлүгү Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарын көрүшө элек. Мисалы, Нарын облусунан келген команданын 12 мүчөсү тең Ош шаарын биринчи жолу көрүп жатышат.

— Биз облустук сынакта жеңип, эл аралык сынакка жолдомо алган окуучулардын бардыгын алып келдик. Алар ириде Ош шаарын көрүүгө кызыгышты. Андыктан бизге ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан “Алтын түйүнгө” жана анын директору Жаркын Базановнага чын дилден ыраазчылык билдиребиз. Анткени балдарыбыз эл көрүп, жер таанып жатышат. Экинчиден, алардын бир жылдан берки эмгегинин акыбети кайтты десек болот. Ушундай чоң сынак өткөрүштүн эле өзү эрдик. Анан, албетте, мындай сынактар жылдан жылга балдардын техникага болгон кызыгуусун арттырып, түрдүү ачылыштарды ойлоп табуусуна, чыгармачылык менен иштөөсүнө өбөлгө болуп жатат, — дейт Нарын облусунун командасын жетектеп келген, Нарын облустук балдардын билим берүү борборунун директорунун орун басары Рыскүл эже.

 

Жеңишке жетишкен мыктынын мыктылары

Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер номинациясы боюнча өнөр жайдын жаш техниктери секциясында 1-орунду Ысык-Көл облусунан келген Уланбек уулу Бекназар, агро өнөр жай комплексинин жаш техниктери секциясында Бишкек шаарынын №65 мектебинин окуучулары Алиев Артем, Надирова Амина, Степанков Максим, Шелепов Андрей, курулуш жана транспорттун жаш техниктери секциясында Бишкек шаарындагы №33 мектептин окуучулары Базавлюк Ольга, Матиев Амантур жеңип алышты.

Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар номинациясында биринчиликти Бишкек шаарынын №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары Кожевникова Дарья, Шичанина Алиса утуп алса, энергия жана энергосарамжалдоочу технологиялар секциясында Ош облусунун окуучусу Көчкөнбай уулу Кадыр эң мыкты деп табылды. Маалыматтык-технологиялар жана программалоо секциясында жеңишти Бишкектеги №68 мектептин окуучулары Кадыров Атан жана Матраимов Нурадил багындырды. Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар номинациясы боюнча 1-орунду Бишкектеги №61 мектеп-лицейдин окуучулары Жердева Валентина, Исмаилова Илона алды. Интеграция көп профилдүү долбоорлору номинациясында дагы бишкектиктер жеңишке жетишишти. Тактап айтканда, борбордогу №65 мектептин окуучулары Икбал Елизабетта, Потапова Ксения, Чепенко Илья биринчиликти алып кетишти. Ал эми авиамоделизм боюнча биринчиликти “Алтын түйүндүн” тарбиялануучусу Камчибеков Илим жеңип алды. Шахмат боюнча турнирде болсо Ысык-Көлдүн командасы биринчиликти берген жок. Сынактын эң кенже катышуучулары дагы дал ушул шахматчылар болушту.

Студенттер арасындагы мелдеште болсо Ош техникалык университетинин студенти Курсантбек уулу Молдали 2-даражадагы диплом менен сыйланса, 1-даражадагы диплом менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти Болотбек уулу Нурсултан сыйланды.

 

Чолпон Кийизбаева,

“Кут Билим”. Бишкек-Ош-Бишкек

 

Бөлүшүү

Комментарийлер