ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ БОЮНЧА КУРАМА КОМАНДА КМШ ОЮНДАРЫНА ДАЯРДЫК КӨРӨ БАШТАШТЫ

  • 21.07.2023
  • 0

Кыргызстандын грек-рим күрөшү (U-23) боюнча курама командасынын мүчөлөрү КМШ оюндарына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, 8-26-июль күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

— Улан Муратбек уулу, Таалайбек Бейшенбек уулу (55 кг);
— Автандил Таалайбек уулу (60 кг);
— Дастан Кадыров, Бекназар Бактыбек уулу (63 кг);
— Халмурат Ибрагимов, Аманат Самат уулу (67 кг);
— Адилхан Нурланбеков, Хабибулло Тынчтык уулу (72 кг);
— Эрлан Марс уулу (77 кг);
— Бекзат Орункул уулу, Акылбек Талантбеков, Асан Жанышов, Бексултан Назарбаев (82 кг);
— Мелис Айтбеков, Калидин Асыкеев (87 кг);
— Артык Орозбеков (97 кг);
— Эрлан Манатбеков (130 кг);
— Арсен Эралиев улук машыктыруучу.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер