АҢГЕМЕЧИ, ЖОМОКЧУ АМАН КАРЫМШАКОВ
- 07.05.2018
- 0
Балдардын дүйнө таанымы, акыл чабыты — кругозорунун өсүшү, өсүп-өнүгүүсү жомокторду, ырларды кабыл алуусуна жараша болот. Деги эле тилдин өнүгүшү, калыптанышы, сөздөрдүн туура айтылышы, жазылышы дагы балдар адабиятынан башталат. Анткени бала окуган чыгармасына аралашып кетет, андагы каармандардын жакшы сапаттарын кабыл алат, терс сапаттарын жерийт. Бала үчүн жазылган ар бир чыгарма баланын адамдык мыкты сапаттарын тарбиялоого багытталат.
Кыргыз балдар адабиятында оозеки көп эле чыгармалар бар. Алар жомоктор, бешик ырлары, Сал билек, акыйнек ырлары ж.б. Ал эми жазма балдар адабиятынын башатында Тоголок Молдо турат. Ал киши балдар үчүн өтө эле көп чыгармаларды жазган. Анын “Жер жана анын балдары”, “Телибай тентек”, “Абышка-кемпирдин көмөчү”, тамсилдери азыркы кезге чейин мектепте окутулуп келет. Андан кийин Алыкул Осмонов, Кусеин Эсенкожоев, Турар Кожомбердиев, Шүкүрбек Бейшеналиев, Муса Жангазиев, Шатман Садыбакасов, Айым Айтпаева, Касымбек Эшмамбетов, Акматбек Солтобаев, Зияш Бектенов, Абзий Кыдыров чаап кеткен жолду улантып, жигердүү эмгектенип келатышкан кыргыз акын-жазуучулары көп эле. Чоңдор үчүн жазган акындардын, жазуучулардын аз да болсо жакшынакай чыгармалары бар. Мисалы, Чыңгыз Айтматов, Эсенгул Ибраев, Исабек Исаков, Асан Жакшылыков, Акбар Рыскулов, Атантай Акбаров, Алик Акималиев, Дүйшөбүбү Жамансартова, Жайлообек Бекниязов ж.б. эң сонун чыгармаларды жазышкан.
Ал эми азыркы мезгилде поэзия боюнча Токтосун Самудинов, Байтемир Асаналиев, Каныбек Жунушев, Жакыпбек Абдылдаев, Абдылда Карасартов, Нургазы Ахмедулин, Абдыкерим Муратов, Чопиев Эсенгул, Амангелди Мисиров, Айылчы Токтогулов, Жекшенбай Курманов, Сайнидин Ишенов, Асек Казиев, проза боюнча жомокчу, аңгемечи Сулайман Рыспаев, Жапарали Осмонкулов, Эркалы Өскөналиев, Жылдыз Бек, Айгүмүш Аксы, Абдухамидова Батма ж.б. азыноолак калемгерлер гана негизги чыгармаларын балдарга арнап келишет. Балдар адабияты эң оор. Баардыгы эле балдар үчүн чыгарма жаза албайт. Балдардын психологиясы менен ойлонуп, дүйнөнү баланын көзү менен караган айрым гана фанат жазуучу-акындар бар. Анан дагы аларга материалдык стимул жок.
Мына ушул жагдайдан алганда жогоруда аталган балдар үчүн чыгарма жазган акын-жазуучулардын улуу көчүн улаган кыргыз балдар адабиятынын бүгүнкү күндөгү бараандуу өкүлү – Аман Кармышаков.
Аман Кармышаков бир топ жылдан бери балдар үчүн чыгармаларды жазып келет. Ал адегенде балдар акыны катары басма сөзгө чыкса, кийин балдарга жомокторду, аңгемелерди тартуулап, балдар жазуучусу катары таанылууда. Чукулда анын “Деңиз жомогу” деген жомок, тамсил, аңгемелерден турган китеби жарык көрдү (Б.:2017). Автор бул эмгегин мектеп жашындагы кенже балдарга арнаган. Ага кыргыз жеринде, башка материктерде, океан, деңиздерде мурда жашаган жаныбарлар жөнүндөгү жомоктору кирген.
Автор Тиранозавр, Энтелодонт, Динозавр сыяктуу байыркы мезгилде жашаган жаныбарлар, ошондой эле азыркы кездеги Антилопа, Көк Кит, Дельфин, Крокодил, Пил, Чычкан, Төө, Чөө, Жолборс сыяктуу каармандар аркылуу жөнөкөй тил менен алардын кандай жаныбар болгондугун айтат, алар аркылуу ар кыл оң, терс мүнөздөрдү ачып берет. Балдарды кандайдыр бир окуя, же жаныбар аркылуу жакшы жолго үндөө мүнөздүү. Айрым жомоктору аркылуу макалдарды чечмелейт. Ага “Өзүңдү эр ойлосоң, душманыңды шер ойло”, “Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат”, “…Кошунаңды ууру тутпа” ж.б. жомоктору мисал боло алат.
Аңгемелеринин аягын суроо менен бүтүрүп, балдарды ойлонтууга мажбур кылганы да кызыктуу. Тамсилдеринде болсо негизги мазмунун жыйынтыктап келип, окурманды сөз маанисин жакшылап түшүнүүгө багыттайт. Жомокторунун аягына балдарга белгисиз жаныбарлар жөнүндө түшүнүк берет. Айрым нуска сөздөрдү чечмелейт.
Амандын мектепте иштеп, балдарга жакын болгону, анын балдар дүйнөсүн жакындан билүүсүнө, балдардын психологиясын, мүнөзүн тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берген. Автор тек гана куру дидактика менен чектелбестен, балага кандайдыр бир нерсени же адамдын терс сапатын жомок аркылуу айтат. Жакшы жолго түшүүгө үндөйт. Баланы ойлонтот.
Чыгармалары баланын тили менен жазылып, окуялары кызыктуу. Тили жөнөкөй, бала өздөштүрө алгыдай кыска сөздөрдү көбүрөөк колдонот. Мисалы, Амандын “Ишкердин эки баласы” деген аңгемеси кыскалыгы, нускалыгы менен таасирдүү. Аңгемеде бир ишкердин Акыл, Бакыл деген эки баласы болот. Балдардын атасы каза болуп, апасы ооруп калат. Акыл күндөп-түндөп иштеп акча табат, бирок апасы менен көп сүйлөшпөйт. Ал эми Бакыл болсо апасын эриктирбей ар кыл сөздөрдү сүйлөп дайыма жанында болот, бирок иштебейт. Бир күнү энеси эки баласына ыраазылыгын билдирет. Экөөнүн бирден артыкчылыгы, бирден кемчилиги бар экенин айтат. Артыкчылыгыңарды өнүктүргүлө, кемчилигиңерди жоюуга аракет кылсаңар, кийин өзүңөргө керек болот деген кеңешин берет. Автор болсо окурмандарга: Ал кандай артыкчылык жана кандай кемчилик? – деп суроо салат. Баланын аңгемени жөн гана окуп койбостон, ойлонуп окуганга, андан жыйынтык чыгарууга багыт бергени, менимче эң сонун педагогикалык ыкма. Муну менен баланын баардык чыгармаларды ойлонуп окуусуна, андан сабак алуусуна, окуган чыгармасынан жыйынтык чыгара билүүсүнө өбөлгө түзүлөт.
Автордун мектеп жашындагы кенже балдар үчүн “Хан дарбыз”, “Пил кантип ыйлады”, “Жантуу тамгалар” (Б.: 2016), “Тоо жомогу” (Б.: 2017) деген жомоктордон, аңгемелерден турган башка көптөгөн китептери боюнча да ушундай эле пикирди айтууга болот.
Бул китептердин бир артыкчылыгы сүрөттөрү автордуку экендиги. Китептери чыгармаларынын мазмунуна жараша түстүү сүрөттөр менен коштолгон. “Жандуу тамгалар” китебинде түстүү сүрөттөр менен катар эле, боёмо таризиндеги сүрөттөр да аңгеме-жомокторунун ажарын ачып турат. Анткени кенже балдар үчүн көп учурда сүрөт тексттен да маанилүү болуп саналат. Балдар менен иштеген педагогдор көркөм сүрөттүү, болгондо да текст менен бап келген сүрөттүү китептер баланын көркөм чыгарманы кабыл алышы үчүн абдан таасирдүү экенин айтып жүрүшөт. Ушул жагдайдан алганда автордун өзүнүн сүрөтчү экендиги жомокторуна, аңгемелерине кошумча күч берип, көркөм түс берип, чыгарманын окумдуулугун, балдар үчүн таасирдүүлгүн арттырып турат. Бала өзүн өзү китеп аркылуу өстүрөт. Бала китеп аркылуу калыптанат. Негизи эле балдар жаныбарларга өтө эле окшош болот экен. Ошол себептүү жомоктор жогору бааланат тура. Мультфильмдер да бекеринен чыкпаптыр. Балага жомок айтып бергенде, ал кадимкидей ишенип, ошол жомоктого каармандарга аралашып кетет. Кичинекей бала калп айтканды жаман көрөт. Курулай моралга толгон чыгарма, ишенимсиз жазылган аңгеме баланын табитин бузат. Демек баланын тилин табуу керек. Китептин тили жөнөкөй болушу керек. Бала өзүн окуган китебинин ичинен тапкандай болгондо гана мыкты китеп жазылат. Жыйынтыктап айтканда А.Карымшаковдун китептери жогоруда айтылгандай өз окурмандарын тапкан, кичинекейлерге жаккан китептер. Ошондуктан анын кыска аңгемелери, жомоктору мектептин башталгыч класстарынын окуу китептерине кирип пландуу түрдө окутулса, китептери кошумча адабияттар катары кеңири колдонулууда. Ошентип Аман Карымшаковдун жазуучулугун, ага бап келген сүрөтчүлүгүн астейдил колдоо менен, ага чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Балдардын көңүлүнө төп келген, педагогикалык идеяларга жык толгон, балдарды ойлонткон, таасирленткен чыгармаларды жазуусуна тилектештигимди билдирем.
Азыр биз балага жомок айтып, китеп окуп бербей калдык. Анын үстүнө балдарга мурункудай китеп жетпей калды. Жеткен күндө да Интернет, соткага көбүрөөк алаксыган балдар китепти көп окубай калды. Натыйжада балдардын көркөм табити бузулуп, балдарыбыз кооз, жагымдуу сүйлөй албай баратат. Ошондуктан педагогдорго, айрыкча бала бакчалардын тарбиячыларына, башталгыч класстардын мугалимдерине балдар менен иштөөдө Аман Кармышаков сыяктуу балдар акын-жазуучуларынын чыгармаларын көбүрөөк пайдаланууну сунуштайм.
Ысмайыл КАДЫРОВ,
балдар акыны, КР маданиятына эмгек сиңипрген ишмер
Комментарийлер