«ГАЗПРОМ БАЛДАРГА» КОМПЛЕКСИ ЖАҢЫЛАНДЫ

  • 09.09.2022
  • 0

 «Газпром балдарга» спорттук-эс алуу комплексинде оңдоп-түзөө иштери аяктап, кардарларына эшигин ачты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриядан билдиргендей, комплекс муниципалитеттин балансына өткөндөн бери биринчи жолу ремонт иштери жүргүзүлдү. Ремонт иштери департаменттин жана комплекстин жетекчилиги тапкан демөөрчүлөрдүн жардамы менен толук каржыланды.

Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында жуунучу бөлмөлөрдө эски плиткалар алынып, жаңы керамикалык плиткалар орнотулуп, дубалдар фунгициддик суюктук менен сүртүлдү. Андан сырткары, эң зарыл болгон кошумча желдетүү системалары, канализация жана дренаждык түтүктөр орнотулуп, иштен чыккан тетиктер алмаштырылды.

Эскерте кетсек, Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы тарабынан курулган спорт комплекси 2016-жылы муниципалитеттин карамагына өткөрүлүп берилген. Комплексте грек-рим күрөшү, эркин күрөш, бокс, дзюдо, таэквондо жана гимнастика боюнча секциялар бар.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер