ФЕРГАНАДА АЙТМАТОВ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 06.12.2023
  • 0

Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университетинин филология факультетинде Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Чыңгыз Айтматов жана дүйнө адабияты” аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Илимий конференциянын алкагында Ч.Айтматовдун борбору ачылды. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы билдирди.

ФЕРГАНАДА АЙТМАТОВ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Аталган конференцияга Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, анын катарында Ош технологиялык университетинин ректору, Жанболот Турсунбаев катышып, Фергана мамлекеттик университети менен таанышып келди. Конференцияда Ж.Турсунбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, кесиптештерине ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын алкагында боордош эки элдин жалпы баалуулуктарынын жана асыл максаттарынын символу катары “Достук дарагы” отургузулду.

Конференциянын катышуучулары университетте түзүлгөн чыгармачылык чөйрө менен таанышып жатып, филология факультетинин Ибрайым Юсуфтун чыгармачылыгына арналган окуу кабинетинде да болуп, өзбек жана каракалпак элинин сүйүктүү акыны Ибрайым Юсуповдун чыгармачылыгы тууралуу маек курушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер