ЕВРОПА БИРИМДИГИ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮСҮН УЛАНТАТ

  • 19.10.2018
  • 0

ЕВРОПА БИРИМДИГИ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮСҮН УЛАНТАТ

Ушул жумада билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Европа биримдигинин билим берүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Адриан Шарлот менен бирдикте Нарын облусунун Кочкор районундагы Калыгул Бай уулу, Нинакан Жүндүбаева атындагы мектептерге барды. Андан соң Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу, №2 В.Чкалов атындагы мектептерде болуп, жалпы окуу иштери, кышка камылгасы менен жакындан таанышып кайтты.

Министр айым өз сөзүндө Европа Биримдиги тарабынан эки жылдан бери Республикабыздын билим берүү системасына 36 млн. евро акча каражаты бюджеттик колдоо форматында каралганын, анын 6 млн. евросу техникалык жана гранттык колдоого, 20 млн. евросу мектептердин жалпы муктаждыгына жумшалганын айтып өттү. Аталган уюмдун өкүлү Адриан Шарлот сөз кезегинде аталган программа дагы үч жылга узартыларын, калган 10 млн. евро акча каражаты Европа биримдиги тарабынан бюджеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Өкмөтүнө берилерин айтты. Аталган уюмдун өкүлү мектептердеги аткарылып жаткан иштерди өз көзү менен көрүп кубанганын, адам капиталын өнүктүрүүдө билимге өзгөчө көңүл бурулушун эске салып, кызматташуунун натыйжалуу болуп жатканын баса белгиледи. Министр Г.Кудайбердиева Европа Биримдигинин бюджеттик форматта билим берүү системасына көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн аталган уюмга терең ыраазычылыгын билдирди.

 М.Токторов, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер