ЕВРОБИРИМДИК БИЛИМ БЕРҮҮ СЕКТОРУ АРКЫЛУУ БЕРИЛИП ЖАТКАН ГРАНТТЫК ЖАРДАМЫН ТОКТОТПОЙТ

  • 04.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 3-ноябрда Европа Биримдигинин Кыргызcтандагы өкүлчүлүгүнүн делегациясын кабыл алып, билим берүү сектору аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы Финансылык келишимдин алкагында ишке ашырылып жаткан долбоор боюнча каржылык келишим 2019-жылдан 2021-жылга чейин жүргүзүлөт. Келишим билим берүү секторун колдоо аркылуу бүткүл өлкөнүн бюджеттик колдоосуна багытталган. Анын негизинде өлкө казынасы 2019-2021-жылдар аралыгында  35,76 млн. евро өлчөмүндө гранттык жардам алат. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн жана азыркы учурда Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги көрсөткөн көрсөткүчтөрдүн жетишүү деңгээлин белгиледи. Ошондой эле, ал өлкөдө киргизилген өзгөчө абалдан улам бир катар индикаторлордун аткарылышы коркунуч алдында калганына карабай, COVID-19 пандемиясына байланыштуу Европа Биримдиги үстүбүздөгү жылдын июль айында экинчи траншты толугу менен которууну чечкенин билдирди.

Алмазбек Бейшеналиев министрлик жана жооптуу кызматкерлер долбоордун керектүү көрсөткүчтөрүнө өз убагында жетишүү үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын айтты.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн тышкы эксперттик жардамды тартуу зарылдыгы менен өлкөдөгү билим берүү тармагында, анын ичинде жогорку кесиптик билим берүү жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча пикир алмашышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер