«Евразиялык тармактык университет» илимий-билим берүү консорциумунун III форуму

  • 22.10.2025
  • 0

2025-жылдын 22-октябрында Ош мамлекеттик университетинин базасында “Евразиялык тармактык университет” (ЕТУ) илимий-билим берүү консорциумунун III форуму болуп өттү.

Форумдун пленардык жыйынына Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин орун басарлары, Евразиялык экономикалык комиссиянын, Россиянын чет өлкөлөр менен маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттигинин (Россотрудничество), Россия Мамлекеттик Думасынын өкүлдөрү, ошондой эле Россиянын, Беларусиянын жана Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын жетекчилери катышты.

«Евразиялык тармактык университет» илимий-билим берүү консорциумунун III форуму

Форумдун максаты — билим берүү, илим жана инновация тармактарындагы интеграцияны тереңдетүү, университеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ЕТУ консорциумунун алкагындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү болду. Катышуучулар академиялык мобилдүүлүк, илимий изилдөөлөрдү биргелешип жүргүзүү, санариптик билим берүү жана жаш адистерди даярдоо маселелерин талкуулашты.

Иш-чаранын алкагында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Койчубекович Чыныбаев сөз сүйлөп, Кыргызстандагы техникалык билим берүүнүн өнүгүү тенденциялары, инновациялык технологияларды окутууга киргизүү жана эл аралык академиялык байланыштарды кеңейтүү боюнча өз пикирин билдирди.

«Евразиялык тармактык университет» илимий-билим берүү консорциумунун III форуму

Ректор өз сөзүндө жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтык бүгүнкү күндө улуттук экономиканын өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этерин белгилеп, КМТУ ЕТУ консорциумунун активдүү мүчөсү катары мындан ары да биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин баса белгиледи.

«Евразиялык тармактык университет» илимий-билим берүү консорциумунун III форуму

Форум жыйынтыгында катышуучу университеттер билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча резолюция кабыл алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер