ЭНЕ ТИЛ ЖАНА АЙТМАТОВ

  • 22.11.2018
  • 0

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын планына ылайык №9 окуу-тарбия мектеп-гимназиясынын базасында “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын алкагында “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы жаратылышты сүйүү жана мекен темасы” аттуу окуучулардын илимий-изилдөө долбоору кароо-сынагы өткөрүлдү.

ЭНЕ ТИЛ ЖАНА АЙТМАТОВ

Кароо-сынакка 8-11-класстын окуучулары катышты. Кароо-сынактын калыстар тобуна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы А.Ишеналиева, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекова, “Таалим-креатив” менчик мектебинин директорунун орун басары Ж.Сарыгулова жана Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Ж.Сапаловалар мүчө болушту. Кароо-сынакта төмөндөгү билим берүү уюмдары ийгиликтүү орундарга жетишти: 1-орун №13МГ, 2-орун №69 ОТК МГ, 3-орун №84 ОМ жана 4-орун №67 ОТК МГ.

ЭНЕ ТИЛ ЖАНА АЙТМАТОВ

Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы, баалуу жана кызыктыруучу белектер менен 2018-жылдын 5-декабрында “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын жыйынтыгы менен Кыргыз-Түрк Манас университетинде сыйланат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер