«ЭМНЕ? КАЙДА? КАЧАН?» ОЮНДАРЫНЫН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ

  • 30.11.2020
  • 0

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүүгө арналган иш-чаралардын алкагында, КР ББИМ жана «Алтын түйүн» БРИТА Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана «Алтын түйүн» БРИТАнын 60 жылдыгына арналган «Эмне? Кайда? Качан?» оюндарынын сериясын өткөрүп келатат. Оюнга Кыргызстандын бардык облустарынан 60 команда катышуу ниетин билдирип каттоодон өткөн. Бирок алардын ичинен 16сы гана чейрек финалга өтүштү.

«ЭМНЕ? КАЙДА? КАЧАН?» ОЮНДАРЫНЫН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫ

БРИТАнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, оюндун турнирлери төмөнкү график боюнча өтөт:

2020-жылдын 4-декабрында: «Саламандры» («Газпром Кыргызстан» мектеби, Бишкек ш. – «Эрудит» (Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары);

2020-жылдын 18-декабрында: «Бурана» (Чүй облусу, Чүй району, БӨЧБ) – «Алтын-Ордо» (Жалал-Абад облусу, Экология, чөлкөм таануу жана туризм БЧБ);

2021-жылдын 15-январында: «Жыргалаң» (Ак-Суу) – «№26» МГ (Бишкек шаары);

2021-жылдын 22-январында: «№9 МГ ОТК» (Бишкек) – «Эрудиты» (Ош);

2021-жылдын 29-январында «Мурас» (Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары, Шамалды-Сай штп) – «БРИТА «Алтын түйүн»» (Бишкек);

2021-жылдын 5-февралында: «Алга, Кыргызстан!» (Ош шаары) – «Рики» (И.Раззаков ат.КМТУ, Бишкек шаары);

2021-жылдын 12-февралында: «Жаңы муун» (№24 МГ, Бишкек шаары) — «Стар» (Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Жар айылы, Мешков ат. №34 ОМ);

2021-жылдын 19-февралында: «№29 МГ» (Бишкек ш.) – «Достук» («Дружба») (Ысык-Көл облусу).

«Эмне? Кайда? Качан?» онлайн оюндары bbb.rdita.kg. платформасында өтөт. Виртуалдык оюнда командалаштар бири-бирин көрө алышат жана жооптордун варианттарын талкуулай алышат. Уюлдук телефондон да, компьютерден да (ыңгайына жараша) ойногонго болот. Эң негизгиси, интернет болушу керек. Оюндар эки тилде өтөт – кыргыз жана орус. Иш-чаранын алмашпай турган алып баруучулары — Степанов С.Г. – СССРдин ойлоп табуучусу, Б.Н.Ельцин атындагы КРСУ окуу лабораториясынын башчысы Арзыбаев А.М. – т.и.к., И. Раззаков ат. КМТУнун IT-департаментинин директору, оюндардын модератору — Шумейко А.В., «Алтын түйүн» БРИТА техника бөлүмүнүн башчысы, КР Билим берүүсүнүн отличниги. Кеңири маалымат – «Алтын түйүн» www.rdita.kg. сайтында. Ошол жерден тандоо турунун оюндарынын жаздырууларын көрүүгө болот. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз! дейт БРИТАнын директору Ж.Бапанова.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер