ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮК СИСТЕМАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ИШКЕ АШУУДА

  • 27.01.2020
  • 0

Жалал-Абад шаарында электрондук күндөлүк системасы 10 мектепте ишке ашууда. Электрондук күндөлүк менен мугалимдердин жумушу бир кыйлага жеңилдеди. Мугалимдер ата-энелер менен тыгыз иш алып баруусуна жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү.

ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮК СИСТЕМАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ИШКЕ АШУУДА

Дамира Түркбаева Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектеп гимназиясында математика мугалими болуп эмгектенет. Анын айтуусу боюнча “Көйгөйлөр деле жок, тескеринчеси  электрондук күндөлүктү колдонгон абдан ыңгайлуу экен бат эле үйрөнүүгө жетиштим. Окуучуларга электрондук күндөлүк аркылуу бааларды коёмун, жоопкерчиликти  ата-энелерда окуучуларда сезет экен. Мурункуга салыштырмалуу ата-энелер балдарынын билимге болгон кызыгуусун сурап, тыгыз байланышта иштешет экенбиз”

Электрондук күндөлүк аркылуу ата-энелер балдарынын сабактарга катышып жаткандыгын жана жетишүүлөрүн смартфон аркылуу көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Маалыматты даярдаган: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков.

Бөлүшүү

Комментарийлер