ЭЛ АРАЛЫК САБАТТУУЛУК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 11.10.2018
  • 0

ЭЛ АРАЛЫК САБАТТУУЛУК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ1-сентябрдан 30-сентябрга чейин USAIDдин “Келгиле окуйбуз!” долбооруна катышкан мектептеринде Эл аралык сабаттуулук күнү белгиленди. 

Бул кызыктуу иш-чаралар АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) окуу көндүмдөрүн инновациялык ыкмалар аркылуу өркүндөтүү демилгелеринин алкагында уюштурулуп, бүткүл Кыргызстан боюнча, болжол менен, 30 миңдей башталгыч класстардын окуучулары интерактивдүу китеп окуу иш-чараларына катышышты. Буга кошумча, мектептерде викториналар, театралдык оюндар жана башка ар түрдүү оюндар өткөрүлдү.

Белгилүү болгондой, USAIDдин “Келгиле окуйбуз!” долбоору Билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешип иш алып барат жана бүткүл өлкө боюнча 900 мектепте мугалимдер жана башка билим берүү адистери үчүн китеп окууну окутууда эл аралык алдыңкы тажрыйбалар боюнча тренингдерди уюштурат.

«Бул долбоордун өзгөчөлүгү: тренингдер бир гана мугалимдер үчүн эмес, мектеп директорлорун, директорлордун орун басарларын жана китепканачыларды да камтыйт, башталгыч мектептерде китеп окууну окутууну өнүктүрүүдө аракеттерди бириктирет», — деп белгилейт Бишкек шаарындагы № 69 мектептин башталгыч класстар боюнча директордун орун басары Айнура Маткеримова.

Ошондой эле, долбоор окуучуларга ар түрдүү сапаттуу окуу ресурстарын сунуштап, окуучулардын жаш курагына жана классына ылайыктуу окуу материалдары менен камсыз кылат. Мындан тышкары, бул программа окуучулардын окуу компетенттүүлүгүн жана билим алууда жетишкендиктерин өнүктүрүү үчүн ата-энелерди жана коомчулукту тартат.

Маалымат үчүн:

1966-жылдын 26-октябрында ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясынын  14-сессиясында ЮНЕСКО тарабынан 8-сентябрь — Эл аралык сабаттуулук күнү деп жарыяланган. Ал биринчи жолу 1967-жылы белгиленген. Анын максаты – жеке адам, коомчулук жана коом үчүн сабаттуулуктун маанилүүлүгүн баса белгилөө.

А.Алибеков

Бөлүшүү

Комментарийлер