ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ АЛДЫДА

  • 16.11.2020
  • 0

«Анатомия жана гистология» боюнча Эл аралык жогорку медициналык мектеби тарабынан  22-октябрдан 31-октябрга чейин төрт этап менен уюштурулган эл аралык студенттик онлайн олимпиадада ОшМУнун студенттери алдыңкы орундарды багындырды.

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ АЛДЫДА

Олимпиадага Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан жалпы 158 студент катышты.

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинен 32 студент катышып, анын  төртөө 1-орунга, сегизи 2-орунга, дагы жетөө 3-орунга ээ болушту.

Уюштуруучулар тарабынан студенттерди ар тараптан колдоп, катышууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ОшМУнун ректору К.Кожобековго, эл аралык медицина факультетинин деканы Ж.Муратовго, анатомия, гистология жана нормалдуу физиология кафедрасынын башчысы К.Сакибаевге ыраазычылык жөнөтүлдү.

Аталган эл аралык онлайн олимпиада #Үйдө_бол деген аталыштагы хэштег менен өттү.

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ АЛДЫДА

Бөлүшүү

Комментарийлер