ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
- 26.05.2025
- 0
Ош технологиялык университетинде “Санарип доору: энергетика, экология, курулуш жана транспорттогу инновациялар” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
ОшТУнун басма сөзү билдиргендей, бул маанилүү иш-чара Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун 115 жылдыгына, ошондой эле техника илимдеринин кандидаты, профессор Абдыкапар Тешебаевдин 70 жылдык мааракесине арналды.
Конференцияга Кыргызстан, Индия, Кытай, Өзбекстан, Германия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн келген илимпоздор, адистер, профессорлор жана студенттер катышып, санариптештирүү, жасалма интеллект, туруктуу өнүгүү, экология жана башка актуалдуу темаларда баяндамалар жасалды.
Иш-чараны ОшТУнун ректору, профессор Ж.Турсунбаев ачып, илим-билимдин интеграциясы, санариптик инновациялар жана эл аралык кызматташтыктын ролу тууралуу маанилүү ойлор менен бөлүштү.
Конференциянын алкагында пленардык отурум өткөрүлүп, анда ар кайсы өлкөлөрдөн келген алдыңкы илимпоздор жана адистер өз баяндамаларын жасашты. Баяндамалар энергетика, экология, курулуш жана транспорт тармагындагы инновациялар, ошондой эле санариптик трансформация темаларына арналды. Пленардык бөлүктө баяндалган темалар боюнча терең илимий талкуулар жүрүп, катышуучулар тарабынан суроолор берилип, пикир алмашуулар болду.
Конференциянын соңунда мыкты баяндамачыларга сертификаттар тапшырылып, илимий резолюция кабыл алынды.
Комментарийлер