ЭЛ АРАЛЫК БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА

  • 31.05.2018
  • 0

“Эл аралык балдарды коргоо күнү” —  балдардын жашоого жана бактылуу балалыкка болгон укуктары жөнүндөгү дүйнөдөгү бардык адамдарга чакырык. Жыл сайын жайдын биринчи күнү “Эл аралык балдарды коргоо” күнүнө карата бардык мектептерде жана балдар борборлорунда чоң майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. 31-май жана 1-июнда Балдардын жана өспүрүмдөрдүн Улуттук “Сейтек” борборунда Эл аралык балдарды коргоо” күнүнө арналган концерттик иш-чаралар өткөрүлөт.

31-майда саат 10:00дө“Эл аралык балдарды коргоо” күнүнө арналган мектеп-интернаттардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жанааз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн концерттик иш-чара болот. Уюштуруучулар:Балдардын жана өспүрүмдөрдүн Улуттук “Сейтек” борбору менен биргеликте ЭЛТР телерадио компаниясы. (Кирүү акысыз)·       31 майда  с. 11.00 “Сейтек” борборунун  алдында, “Энесай” эстрадалык  ансамблинин   концерти, жетекчиси  “КР Эл артисти”  Курмангазы  Азыкбаев. Ансамблдин  репертуарында кыргыздын фольклордук композициялары, эстрадалык номерлер, джаз, классика.Келип  унутулгус   обондорго  күбө болуп кетиңиздер.

31-майда саат 15:00дө  “Эл аралык балдарды коргоо” күнүнө арналган Биринчи май районунун балдарына концерттик программа өткөрүлөт.

1-июнда саат 10:00дө “Эл аралык балдарды коргоо” күнүнө арналган мектеп-интернаттардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн концерттик программа өткөрүлөт.

1 июнда саат  18.00  “Азия Нур” Элдик  ыр жана бий  студиясынын  отчеттук программасы, репертуарында: дүйнө элдеринин улуттук бийлери.

Уюштуруучулар: Бишкек шаардык  Кеңеши. (Кирүү акысыз)

Бөлүшүү

Комментарийлер