“ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ” – ЭЛ ДОСТУГУН ШИРЕТКЕН МАДАНИЙ КӨПҮРӨ

  • 17.12.2018
  • 0

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылындагы мектеп-гимназиянын тарбиялануучулары орус, кыргыз тилдеринен тышкары жапон, корей тилдерин да үйрөнүшөт. Балдарга тил үйрөтүүгө бул жердеги 24 ийрим жана чет өлкөдөн келген волонтерлор көмөктөшөт.

Жыл сайын өткөрүлүп келаткан “Достук фестивалы” бул жерде жатып окушкан 151 баланын көмүскөдөгү таланттарын ачканга жардам берет дейт, мектеп-гимназиянын директору Бүбүкан Жусупова.

—              Биздин мектеп-гимназия 1998-жылы 5-февралда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн тандалган зээндүү балдар үчүн ачылган интернат тибиндеги мектеп болуп эсептелет. Учурда 151 бала жатып окушат. Жаңы ачылгандан тарта жаңы типтеги мектеп болсун деп, англис, информатика сабактарына басым жасаганбыз. Бирок учурдагы жаштардын чыгыш тилдерине кызыгууларын эске алып, жапон, корей тилдерин үйрөтүүчү ийримдерди ачканбыз. Балдарыбызга бул тилдерди үйрөтүүгө бизге Бишкектеги Корей билим борборунан жана Япониядан жапон волонтеру келип окутушат. Бул мезгил аралыгында бизде экинчи волонтерубуздун иш мөөнөтү аяктап кетип жатат. Анын биздин балдарга тийгизген таасири аябай көп болду. Тилден башка спорттун таэквондо түрү менен машыктырат,-дейт сыймыктануу менен.

“ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ” – ЭЛ ДОСТУГУН ШИРЕТКЕН МАДАНИЙ КӨПҮРӨ

Достук фестивалына атайын Бишкектеги Корей билим борборунан, Жапан-кыргыз борборунан келишкен меймандар балдардын чет тилдеринде аткарган ырларына, бийлерине күбө болушту. Алардын бири Каныкей Джорупбекова көп жылдан бери Бишкектеги Кыргыз-жапон борборунда иштейт. Ал күнкү концертке “Ооэдодайко” добулбасчылардын тобу менен келди. Дээрлик кыргыз балдардан түзүлгөн бул топ 2004-жылы уюштурулган. Каныкейдин айтымында, Кыргыз-жапон борбору көп жылдан бери Таш-Төбөдөгү мектеп-интернат менен маданий кызматташып келүүдө.

—              Таш-Дөбө мектеби менен көптөн бери эле таанышпыз. Дайыма иш-чараларга келип катышып турабыз. Биз балдардын жапон тилин үйрөнүүгө далалаттанып жатышканын чын дилибизден колдойбуз. Анткени канча тил билсең, ошончо дил билесиң, ошончо элдин маданияты менен таанышасың, чөйрө таанымың өсөт. Биз дагы балдарды жапон маданиятын жакындан тааныштыруу ниетинде музыканттарды алып келдик. Балдардын добулбаска аябай кызыгышарын байкайбыз. Музыка тилине котормочунун деле кереги жок ойлойм,-дейт Каныкей.

 

Айнагүл Кашыбаева,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер