ДИЛБАЯНДАР СЫНАГЫ: «ТҮРКСОЙ — ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН АЛТЫН КӨПҮРӨСҮ»
- 06.03.2023
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги республикадагы жалпы билим берүү жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарында 13 жаштан 15 жашка чейинки окуучулар арасында Түрк маданиятынын ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата “ТҮРКСОЙ- түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү” деген аталышта эң мыкты дилбаяндардын сынагын жарыялайт. Окуучулар өздөрүнүн дилбаяндарында ата-бабалардан калтырган маданий мурасына өздөрүнүн көз карашын чагылдырышы керек
Сынактын мөөнөтү: 2023-жылдын 1-мартынан 12-мартына чейин.
Сынактын шарттары:
- Сынакка Кыргыз Республикасындагы мектептердин 13-15 жаштагы окуучулары катыша алат.
- Дилбаяндар окуучулардын өзүнүн эне тилинде жазылышы керек.
- Дилбаяндын көлөмү А4 форматындагы үч беттен ашпоого тийиш.
- Дилбаянды окуучу компьютерде эмес, колу менен жазышы керек. Бирок кол жазмасы менен кошо компьютерге басылган версиясын да жиберүүгө тийиш. Компьютерде Calibri шрифти менен 11 размерде, 1,5 интервалда терилиши керек.
- Дилбаянда эч кандай иллюстрация же мукаба болбошу керек.
- Сынактын ар бир катышуучусу дилбаянда өзүнүн чыныгы аты-жөнүн жазбайт, псевдоним жана код коет.
- Дилбаяндар мурда эч кандай конкурска катышкан же ЖМКларда жарыяланбаган болууга тийиш.
- Дилбаянга укуктарды бекер берүүгө макулдук жөнүндө таблица толтурулуп, дилбаян менен кошо жабык конвертте жиберилиши керек.
Сынакка келип түшкөн дилбаяндар Билим берүү жана илим министрлигинде түзүлгөн калыстар тобу тарабынан каралып, эң мыкты он дилбаян ТҮРКСОЙГО жиберилет. Он мыкты дилбаян өзүнчө чыга турган жыйнакта жарыяланат.
ТҮРКСОЙ өз кезегинде ар бир өлкөдөн үчтөн окуучуну жеңүүчү катары тандап алат.
Биринчи орун – ноутбук
Экинчи орун — планшет
Үчүнчү орун — планшет
Жеңүүчүлөр ошондой эле Түркия Республикасында 23-апрелде боло турган Улуттук суверенитет жана балдары коргоо күнүндө майрамдык иш чараларга катышып, Анкара жана Стамбул шаарларынын жетишкендиктери менен таанышат.
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги сынактын жыйынтыгын 20-мартка чейин чыгарып, Түрксойго жибериши керек.
Сынак жыйынтыгы 2023-жылдын 1-апрелинде жарыяланат.
Конкурстун жобосу толугу менен бул жерде.
Дилбаяндардын кол жазма түрүн Билим берүү жана илим министрлиги менен “Кут Билим” гезитинин дарегине, ал эми электрондук версиясы төмөнкү электрондук даректерге жиберилет. [email protected] [email protected]
“Кут Билим” гезитинин редакциясынын дареги:
Бишкек ш. Тыныстанов көчөсү 257
Кубат ЧЕКИРОВ 0554 26 52 02, Айнура АСАНАЛИЕВА 0500 18 88 67
Т. 620486 620468
Комментарийлер