Депутат Бактыбек Турусбеков: «Мектеп окуучулары менен студенттер үчүн мөнөтүнөн мурдагы каникул жарыялап, алардын окуусун жай мезгилине жылдыруу зарыл»

  • 12.03.2020
  • 0

Коронавирус илдетинин жайылышынан улам, баардык мамлекеттер анын алдын алуу, калкынын саламаттыгын коргоо чараларын көрүүдө. Сактыкка кордук жок, андан Кыргызстан да четте калбашы керек. Мектеп окуучулары менен студенттер үчүн мөнөтүнөн мурдагы каникул жарыялап, алардын окуусун жай мезгилине жылдыруу зарыл. Бул тууралуу депутат Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу максатында, ар кандай той-топурлар менен көп адамдар чогула турган иш-чараларга да тыюу салыш керек. Албетте, мындай чаралар кимдир бирөөлөргө кыйынчылыктарды түзүп, ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн. Алар кечирип койсун, бирок биз үчүн элибиздин саламаттыгы баарынан жогору турат. Ушуну эстен чыгарбайлы», — деп кошумчалады депутат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер