ДАҢАЗАЛУУ ИНСАНДАР — МИНИСТРДИН КООМДУК КЕҢЕШЧИЛЕРИ

  • 17.03.2023
  • 0

Акылга берешен элибиз “Увазир жакшы хан жакшы” деп бекер айтпаса керек. Билим берүү жана илим министринин коомдук кеңешчилери болуп агартуунун Бакайы жана Кошойу катары калың журтка таанылган инсандар, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалимдери Орозали Сайдилканов менен Гапыр Мадаминов жана буга чейин бир топ жыл Бишкек мэринин коомдук кеңешчиси катары эл-журттун оозуна алынган Гуля Алмамбетова дайындалды.

ДАҢАЗАЛУУ ИНСАНДАР — МИНИСТРДИН КООМДУК КЕҢЕШЧИЛЕРИ

ДАҢАЗАЛУУ ИНСАНДАР — МИНИСТРДИН КООМДУК КЕҢЕШЧИЛЕРИ

Орозали Сайдилканов менен Гапыр Мадаминовду азыр агартуу журтчулугу жакшы билишет. Экөөсү тең —  жаратман педагогдор. Гапыр агай тээ 1996-жылы Лейлектин эң четки айылында  “Акыл эмгегинин маданияты” жана “Энелер мектеби” усулдарына таянып эксперименталдык гимназияны түптөсө, Орозали агай ошондон эки жылдан соң, тагыраак айтканда, 1998-жылы Кара-Кулжа районунда Сухомлинский менен Амонашвилинин гумандуу педагогикасына негизделген өзүнүн автордук мектебин ачкан.   Экономикасы жарды, коррупцияга белчесинен баткан өлкөдө мектеп ачуу кандай азап экенин азыркы “Агай” тасмасы элибизге таасын көрсөттү.

ДАҢАЗАЛУУ ИНСАНДАР — МИНИСТРДИН КООМДУК КЕҢЕШЧИЛЕРИ

Министрдин дагы бир коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова агартуу тармагында түздөн-түз иштебесе да борбор шаарыбыздын инфраструктурасын жакшыртууда, эл менен шаар бийлигинин байланышын бекемдөөдө зор эмгек өтөдү. Гуля Алмамбетова 1972-жылы 25-январда Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. 1995-жылы КУУну аяктап,  “орус тили жана адабияты улуттук мектепте” адистигине ээ болгон. Кино үйүндө, Киноматографисттер союзунда жооптуу кызматтарда иштеген.  2015-2017 жана 2018-2020-жылдары Бишкек мэринин коомдук кеңешчиси болуп үзүрлүү эмгектенди. Ал Орусия, Америка философтор коомунун мүчөсү, “25чи кадр” журналынын негиздөөчүсү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кендо жана иайдо федерациясынын мүчөсү (1-дан).

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер