ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТТАРЫНЫН АТКАРГАН ИШИ УЧУР ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШПИ?

  • 22.01.2020
  • 0

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча облустук институттарда иштеген кызматкерлердин эмгек акысы мугалимдердикинен аябай эле аз. Ошондой эле аларга командировкалык чыгымдарга да каражат каралган эмес. Мындай шартта сапаты учур талабына жооп бергидей иш аткарууга мүмкүнбү? «Кут Билим» облустук институттардын аткарып жаткан ишинин масштабы жана маанисинен кабар алды.

ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТТАРЫНЫН АТКАРГАН ИШИ УЧУР ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШПИ?

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл облустук билим берүү институтунда 2016-2017-окуу жылы  710, 2017-2018-окуу жылында  697, 2018-2019-окуу жылында  651 педагог, кыска мөөнөттөгү курста 95 мугалим квалификациясын жогорулаткан.

ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТТАРЫНЫН АТКАРГАН ИШИ УЧУР ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШПИ?

2019-жылы 662 педагог квалификациясын, 347 педагог билимин жогорулатты. ЮСАИДдин  “Келгиле окуйбуз“ долбоору боюнча 800 башталгыч класстардын мугалимдери, мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча  5-6-класстардын  360 мугалими, табигый илимдер боюнча мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча 700 мугалим, ЮНИСЕФ тарабынан “Тынчтык куруу” программасы боюнча 56 педагог билимин жогорулатканын Билим берүү институтунун директорунун орун басары Нургүл Шарапова билдирди.

Кышкы каникул учурунда мамлекеттик жалпы билим берүүчү стандарттар, окутуунун инновациялык усулдары, мектепке чейинки билим берүүдѳгү инновациялык ыкмалар багытында облустун педагогдоруна усулдук жардамдар кѳрсѳтүлдү.

ОББИ беш багытта иш алып барат: Педагогикалык иш-чараларды уюштуруу, усулдук жардам берүү, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, методикалык басма сѳз иштери жана  квалификацияны жогорулатуучу курстарды алып баруу.

ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТТАРЫНЫН АТКАРГАН ИШИ УЧУР ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШПИ?

 

ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТТАРЫНЫН АТКАРГАН ИШИ УЧУР ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШПИ?

«Ысык-Көл облустук билим берүү   институтунда 26 кызматкер эмгектенет.  7 — улуттук тренер, 17 кызматкер   — билим берүүнүн мыктысы наамына ээ.   АКШ, Германия, Франция, Россия, Казакстан өлкөлөрүндө  кесиптик квалификацияларын  жогорулатып  келгендери бар. Институттан  жылына 800гѳ жакын облустун билим берүү тармагынын кызматкерлери кесиптик квалификациясын жогорулатып турушат», — дейт директордун орун басары Нургүл Шарапова.

ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТТАРЫНЫН АТКАРГАН ИШИ УЧУР ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШПИ?

 

ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТТАРЫНЫН АТКАРГАН ИШИ УЧУР ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШПИ?

Республикада киргизилип жаткан жаӊы ыкмалардын дээрлик бардыгы  Ысык-Көл облусунда апробацияланып, андан соӊ башка облустарга жайылтылат. Акыркы жылдары ЮСАИД каржылаган “Айыл мектеби”,  «Сапаттуу билим», Евросоюз каржылаган “Билим берүү тармагын нормативдик каржылоо”,  Германия эл аралык кызматташтыгы каржылаган “Борбордук Азиядагы базалык билимди өнүктүрүү”,  ЮНИСЕФтин   “Балдарды коргойлу”,  ЮСАИДдин «Бирге окуйбуз» , “Келгиле окуйбуз”, Азия  ѳнүктүрүү банкынын  “Билим берүү секторун бекемдѳѳ”, БДБин  “Билим берүү максатындагы глобалдуу Өнөктөштүк», «Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо» долбоорлору менен иш жүргүзүп келет.

ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТТАРЫНЫН АТКАРГАН ИШИ УЧУР ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШПИ?

Окуу жыл ичинде облустук билим берүү институтунда түзүлгөн план-график боюнча 39-40тан кем эмес курстар  атайын бекитилген жана Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан макулдашылган 72 сааттык  план программалар боюнча  өткөрүлөт.

Ош облусу

Ош билим берүү институтунун 2019-жылга карата түзүлгөн план-графигинде мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча 130 курста 3120 мугалим өз билимин өркүндөтүүсү пландалган. Жыл ичинде пландалган 130 курс өткөрүлүп, анда 3008 мугалим өздөрүнүн кесиптик чеберчиликтерин жогорулатышты. План 97%га аткарылды. Андан тышкары Ош шаары, Жалал-Абад, Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек, Баткен райондорунда, Ош облусунун Ноокат, Араван районунда көчмө курстар уюштурулуп, 1203 билим берүү мекемелеринин кызматкерлери адистик чеберчиликтерин жогорулатышты.

«Окуу курстарында төрт кафедрада  17 кабинет башчы, 8 усулчу, ондон ашуун илимдин кандидаттары, жүздөн ашуун  мектеп мугалимдери, ондон ашык балдар бакчаларынын кызматкерлери лекцияларды, практикалык иштерди өткөрүп беришти. Ал эми практикалык сабактарды өтүүдө  облусубуздун 96 алдыңкы мектептеринде сабактар көрсөтүлүп, иш кагаздарын жүргүзүү практика жүзүндө көрсөтүлдү», — дейт директордун орун басары Асида Бабакулова.

ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТТАРЫНЫН АТКАРГАН ИШИ УЧУР ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШПИ?

Ошондой эле 16 көчмө курс өткөрүлүп  —  1103 педагог адистик чеберчилигин жогорулатты. Жалпысы – 4111 педагог. Пландын аткарылышы  – 129% түздү.

Курстун сапатын жакшыртуу

«Курстун сапатын жогорулатуу — биздин башкы максатыбыз болуу менен бирге бүт күч-аракетибизди ушул багытка бурдук, — дейт Асида Бабакулова. — Курстагы лекцияларды жаңылоо, заман талабына ылайык келтирүү, илим менен техниканын өнүгүү деңгээли менен теңдештирүү, Өкмөтүбүздүн, КР билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнүн натыйжалуулугун арттыруу, компетенттүү инсандарды окутуп-тарбиялап чыгаруу боюнча жүргүзгөн реформаларын ишке ашырууга жетишүү үчүн бүт аракетибизди жумшадык».

Бул багытта өткөрүлүп жаткан курстарга  “Кыргыз Республикасында 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү  жылына карата жаңыдан лекциялар иштелип чыгып, киргизилди.  Мисалы: Ага-Хан менчик мектебинин илимий завучу Г.Абдиеванын «3-11-класстар үчүн телефонго жүктөлгөн тапшырмалар менен иштөө», З.Амирахунованын  «Окутуунун заманбап технологиялар» деген темадагы лекция-практикалары, ОшМУнун окутуучусу Г. Шамшиеванын  «COREL DRAW тесттик редактору», ОшБИнин информатика кабинетинин башчысы Г.Отонбаеванын  «Медиа сабаттуулук. Интернет тармагынын мүмкүнчүлүктөрү» деген аталыштагы лекция жана практикалык иштери.

Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата курс  угуучуларынан  онлайн түрүндө информатика, кыргыз тили, башталгыч кыргыз класс, тарых, физика, англис тили предметтеринен тесттер, чыгуу анкеталары алынып жатканын жетекчилер билдиришти. Ошондой эле билим берүүчү уюмдардын педагогдоруна жакындан жардам берүү максатында бардык предметтер боюнча “КР жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты” (21.07.2014. № 403), предметтик стандарттар, үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү, “Билим берүүчү уюмдардын аккредитациядан өтүү жол-жобосу”, “ПИЗА эл аралык сынагына окуучуларды даярдоо”, “Билим берүүнүн укук-ченемдик документтери”, “Инсанга багытталган окутуу жана сабактарга максат коюу”, “Предметтик сабактарды окутууда. окуучуларды компетенттүүлүккө тарбиялоо”,  “Сабакка максат коюудагы СМАРТ критерийлердин ролу”, “Баалоонун түрлөрү”, “Түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды түзө билүү”, “Окуучулардын окуу көндүмдөрүн калыптандыруу”, “Мугалимдин портфолиосуна коюлуучу талаптар”, “Ментор жана менторство” деген аталыштагы лекциялар курс угуучуларына тартууланды.

Ал эми жаңы окуу жылынан баштап, ПИЗА эл аралык сынагына окуучуларды даярдоо, ошондой эле  райондордогу алдыңкы мектеп мугалимдеринин сабактарына, класстан тышкаркы иштерине катышуу, түрдүү жолугушууларды  уюштуруу аркылуу аракеттер көрүлдү. Облус боюнча жалпы мугалимдердин  электрондук маалымат базасы түзүлүп,  маалыматты тактап, базага түшүрүү иши 90%га жетти.

ОшБИнин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу

Курстун сапатын жакшыртуунун  дагы бир негизги багыты катары ОшБИнин кызматкерлеринин өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу маселеси турат.  Бул багытта Билим берүү системасындагы БӨУлор менен кызматташтыкты күчөтүү аркылуу тренер-лекторлордун санын көбөйтүү менен курстун сапатын көтөрүү ишке ашырылууда.    Учурда бир кызматкери коңшулаш Казакстандан,  1 кызматкери РИПКдан өз билимдерин өркүндөтүп келишкен.

  • Лектордук курамды жаңычыл, билимдүү жана тажрыйбалуу, тренер-лекторлор менен толуктоо максатында институттун кызматкерлеринин, андан сырткаркы семинар-тренингдерге катышуусу жолго коюлган жана институттун өзүндө тренингдерди өтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү иш жүзүнө ашырылууда. М: 11-14-апрелде РИПК тарабынан “Онлайн курстарын уюштуруу жана өткөрүү” деген темада семинар-тренинг өткөрүлүп, институттун 6 мугалими, облусубуздун 14 мугалимдери, директорлор тренингден өтүштү. Менталдык арифметика боюнча онлайн лекция жана жолугушуу өткөрдүк, институттун кызматкерлерине Бишкек шаарындагы Агахан эл аралык уюму тарабынан  Инклюзивдик билим берүү, “Медиа сабаттуулук” боюнча  үч күндүк семинар-тренингден өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту.  Мындан тышкары бардык курс жетекчилери өз предметтери боюнча “Предметтик стандарттарды” өтүү боюнча тренердик сертификатка ээ. Бул дегени биздин институттун курс жетекчилери, усулчулары, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатууда, өз кесибинин жаңычыл, көп тармактуу устаты деп айтууга негиз бар, — дейт жетекчинин орун басары.

Институт ошондой эле облустагы мугалимдердин алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүп облустук, республикалык деңгээлде жайылтат. Алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу максатында “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты мектеби” сыяктуу сынактарды өткөрөт.

ОшБИнин кызматкерлеринин эмгек акысы  педстажына жараша төлөнөт.  Маселен, кабинет башчы 8281 сом алса, усулчу 8027 сом алат. Албетте, бул аз, бирок бул көбөйүп калгандагысы. Жашоого жетип-жетпеген эмгек акы менен үй-бүлө багып, ошол эле учурда кесипке шыктанып иштөө, албетте, оңой болбойт.

Нарын облусу

Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы мугалимдердин  билимин жогорулатуу борборунда бир окуу жылында  кырк беш курс өтүп, ар бир  курста  жыйырмадан билим берүү  кызматкери  окуйт.

ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТТАРЫНЫН АТКАРГАН ИШИ УЧУР ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШПИ?

  • План боюнча окуу жылы ичинде 900 мугалим курстан өтүшү керек.  Курска билим берүү кызматкерлеринин катышуусу жогорулоодо, себеби учурда  борбор стандарттын талабына ылайык  окутуу-тарбиялоо  процессин жүргүзүү, жаңылануу, заманбап  талабына ылайык иш алып баруу боюнча  көп иш аракеттерди жүргүзүүдө. Курс аяктаганда  анкета, ачык суроолор, тесттик тапшырмалар алынып,  жыйынтыктоочу иш-чаралар  өткөрүлөт.  Курс  башталганда  угуучуларга  диагностикалык баалоо  жүргүзүлөт.  Жыйынтыктоочу жана  диагностикалык  баалоонун жыйынтыгы жана райондук, шаардык билим берүү  мекемелеринин  кызматкерлеринен, мугалимдерден  сурамжылоо  жүргүзүлүп, стандарттын  талабына ылайык окуу-тематикалык планга  толуктоолор жана өзгөртүүлөр  киргизилип турат, — дейт борбордун директору Жаңыл Бусурманкулова.

Борбордун 2017-жылга  чейин шарты  абдан начар болгон.  Учурда окутуу  процессин  ийгиликтүү  алып  баруу үчүн АБР “Секторду өнүктүрүү: Билим берүү  системасын бекемдөө” долбоору тарабынан  беш окуу классы толук ремонттон  өткөрүлүп, керектүү материалдык-техникалык  жабдуулар менен  жабдылып берилди. Ошондой эле MSDSP KG Ага-Хан фондусу тарабынан  эки окуу залы ремонттон өткөрүлүп, окуу материалдык-техникалык жабдуулар, окуу  китептери менен жабдылып, заманбап талабына  ылайык  шарттар түзүлгөн.

Командировкага каражат жок

Мугалимдер облустук институттар менен борборго келип окуп кетип жаткан менен алардын алган билимин канчалык колдонуп жатканын же кесипкөйлүк деңгээли канчалык жогорулаганын эч ким билбейт. Ал үчүн кайра мектептерге барып, мониторинг жүргүзүп текшерүү керек. Бирок мектептерге барганга командировкалык чыгымдар каралган эмес.

  • Айрым учурда өз  акча каражатыбыз менен  райондун мектептерине барып, сурамжылоо жүргүзүп келүүгө аргасыз болуудабыз. Борбордун кызматкерлери  2019-жылдын  ноябрь айына чейин 6000-10000 сом,  жогорулагандан кийин 8000 -13000 сом алышат.  Мектеп мугалимдеринен  бир кыйла  төмөн айлык  акы алабыз.  Азыркы мезгилдеги  жашоо-шарттын талабын бул айлык  акынын өлчөмү канааттандырбайт, — дейт институттун директору.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер